Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 1/14
10 000 (он) мин сом акча каражатын каржылап берүүгө кепилдик берүү жөнүндө.
Кара -Кочкор айыл аймагындагы Октябрь айылындагы “Айыл -Ичи” каналын капиталдык ремонттон өткөрүү жана бетондоо жумуштарын жасоо үчүн Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 000 (он) мин сом акча каражатын каржылап берүү жөнүндөгү “Тен-Алыш” СПАнын жетечисинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара -Кочкор айыл аймагындагы Октябрь айылындагы “Айыл -Ичи” каналын капиталдык ремонттон өткөрүү жана бетондоо жумуштарын жасоо үчун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 000 (он) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |