Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 3/2
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жыл үчүн иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Кара-Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин төмөндөгү туруктуу төрт комиссияларынын:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы,
2. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы,инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы,
3. Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы,
4. Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш- планыдары бекитилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |