Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 3/3
Кара-Кочкор айыл аймагынын аукцион өткөрүү боюнча комиссиясынын курамын жана аукциондун баштапкы (старттык) баасын бекитүү жөнүндө
Кара-Кочкор айыл аймагынын аукцион өткөрүү боюнча комиссиясынын курамын жана аукциондун баштапкы (старттык) баасын бекитүү жөнүндөгү Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн орун -басар жооптуу катчысы И.Курманбаевдин маалыматтын угуп жана талкууланып, Кара-Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айыл аймагынын аукцион өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1.Т.Махмудов – Айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2.П.Эрмекбаев – Маалымат технологиялар боюнча адис, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Н.Жолдошов – Айыл өкмөт башчысы.
4. М.Нажимидинов – Айылдык кеңештин депутаты
5. Адилбек уулу Талгатбек -- Айылдык кеңештин депутаты
6. Ө.Коргонбеков – Айыл өкмөтүн жер боюнча башкы адиси.
7. С.Батырбеков – “Кадастр” мамлекеттик ишканасыгнын кызматкери.
8. З.Умаров – Кара-Кулжа районунун АӨБ адиси.
9. Т.Сопубеков – Кара-Кочкор айылынын айыл башчысы.
10. О.Жолдошов --Ак-Кыя айылынын айыл башчысы
11. О.Жолдошов -- Сары-Булак айылынын айыл башчысы
12. Н.Мамаков --Жаңы-Талап айылынын айыл башчысы
13. Н.Суранчиев -- Октябрь айылынын айыл башчысы
14. А.Дөөлөтов -- Жийде айылынын айыл башчысы
15. Р.Мамасалиев --Ынтымак айылынын айыл башчысы
16. К.Дүйшеев -- Кара-Кочкор айылынын тургуну
2.Аукциондун баштапкы баалары жана өздөштүрүүдөгү жерлердин ижара акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- сугат айдоо – 4000 (төрт мин) сом 1га жер аянтына
- кайрак айдоо – 2000 (эки миң) сом 1га жер аянтына
- чөп орунду – 2000 (эки миң) сом 1га жер аянтына
- шаалы - 10000 (он миң ) сом 1га жер аянтына
- бак - 7000 (жети миң) сом 1га жер аянтына
- өздөштүргөн сугат жерлерге - 50 (элүү) сом 0.01 га жер аянтына
- өздөштүргөн кайракы жерлерге - 30 (отуз) сом 0.01 га жер аянтына
3. Аукциондун катышуучуларынын арымы сугат жерге - 500 (беш жүз) сом, кайракы жана чөп чабындыга - 200 (эки жүз) сом.
4. Кепилдик сумма сугат жерге - 1000 (бир миң) сом, кайракы жана чөп чабындыга - 200 (эки жуз) сом.
5. Сугат суунун төлөмдөрү :
- шалыга - 800 (сегиз жүз) сом 1га жер аянтына
- ар бир түтунгө (агародго) - 100 (бир жүз) сом.
- айдоо аянтка - 400 (төрт жүз) сом 1га жер аянтына
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысы И.Курманбаевке тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |