Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 3/4
Кара-Кочкор айыл аймагынын Октябрь айылынын тургуну Оркошов Нуралы Арапмаматовичтин серия Ч № 705810 мамлекеттик актысы бар 525 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кара-Кочкор айыл аймагынын Октябрь айылынын тургуну Оркошов Нуралы Арапмаматовичтин серия Ч № 705810 мамлекеттик актысы бар 525 м.кв. жерин муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү Оморов Туратбектин 2024-жылдын 21-декабрындагы маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешини
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылынын тургуну Оркошов Нуралы Арапмаматовичтин өзүнүн макулдук арызынын негизинде, серия Ч № 705810 мамлекеттик актысы бар жеке менчик 525 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу документтерин тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн Коомдук коопсуздук, турак-жай, коммуналдык менчик, өзгөчө кырдаалдар жана пробация боюнча башкы адиси Абдырахман уулу Эсенгелдиге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысы И.Курманбаевке милдетендирилсин.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |