Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 3/8
Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө.
Кара-Кочкор айылдык Кенешине Кара –Кочкор айыл аймагындагы мекеме –уюмдардын эмгек жамааттарынан жана айылдардагы элдик жыйындардан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдору 2024-жылдын 12-декабрындагы Шамши Исмаилов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, 2024-жылдын 13-декабрындагы Сары-Булак айылынын жашоочуларынын чогулушунун жана 20-декабрдагы Жангиш-2 көчөсүнүн жашоочуларынын чогулушунун протоколдорун карап көрүп, угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кочкор айыл аймагындагы мекемелердин эмгек жамааттарынан жана айылдардын элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.
2. Кара –Кочкор айыл аймагынан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунуш кылынган төмөндөгү талапкерлерди Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |