Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 811
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикалык бюджетке акциз салыгынын түшүүсүн көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) тиешелүү контролдоону камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинде:
- 1-пунктта "Базарларда жана чакан базарларда товарларды сатуу" деген сөздөр "Базарларда, чакан базарларда жана базарлардын, чакан базарлардын аймагында же аймагына жакын жайгашкан соода объекттеринде товарларды сатуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттун "а", "б", "в" пунктчаларында "10 кв.м чейин," "20 кв.м чейин,", "30 кв.м чейин," деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- жетинчи, сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2027-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык;
- 2027-жылдын 1-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу өздүк өндүрүшүндөгү сууларды, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган сууларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъекттери катары катталган салык төлөөчүлөр.";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин тыюу салынат, буга жүгүртүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-майынан тартып белгиленген ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо) балдар тамак-ашы кирбейт.";
2) 4-пункттун үчүнчү абзацында "2026-жылдын 1-январынан" деген сөздөр "2028-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) банк кепилдиги - бул акциздик жыйымдын маркаларын талаптагыдай эмес пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө импорттоочунун милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.";
- 5-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчанын салынгандыгын ырастоочу төлөм документи же акциздик маркаларды алууга арыз берилген датадан тартып 6 айдан кем эмес жарактуулук мөөнөтү менен депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө ыйгарым укуктуу салык органынын атына берилген банк кепилдиги.";
- 6-пункт "акча каражаттарын салуу" деген сөздөрдөн кийин "же банк кепилдигин берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункт "акчаларды салуу" деген сөздөрдөн кийин "же банк кепилдигин берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктта:
1-пунктча "депозиттик эсебине салынган" деген сөздөрдөн кийин "же берилген банк кепилдигин" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктча "өз убагында чегерүү" деген сөздөрдөн кийин "же банк кепилдигинин аткарылышын талап кылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункт "кабыл алынган милдеттенменин" деген сөздөрдөн кийин "же берилген банк кепилдигинин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункт "акча каражаттарынын салынышы" деген сөздөрдөн кийин "же банк кепилдигинин берилиши" деген сөздөр менен толукталсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) мунайдын жана мунай продуктуларынын калдыктары, жөнөтүлгөн көлөмдөрү, ошондой эле отун таратуучу колонканын эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына ай сайын маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Салык органы "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты алгачкы берүүдө 3 (үч) жумуш күндүн ичинде салык төлөөчүнүн ишкердик иш жүргүзгөн жерин жана ишкердик үчүн багытталган товарларды сактоочу жерди текшерет.
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты кийинки берүүдө арыз салык органы тарабынан бир жумуш күндүн ичинде каралат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1, 13-2-пункттар менен толукталсын:
"13-1. Салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги;
- кыйыр салыктар боюнча таанылган салык карызы;
- салык төлөөчү тарабынан 0% жана 0,5% ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча ишкердик иш жүргүзүү, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык боюнча катталган салык төлөөчүлөр;
- ишкердик иш жүргүзгөн жер берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш эместиги же субъектте импорттоого пландалган товарларды жайгаштыруу үчүн тиешелүү кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укугунда жана/же убактылуу пайдалануу укугунда объекттердин жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталган тобокелдиктер болгон учурда "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушу токтотуп турулгандыгы;
- тигүү жана текстиль тармагын кошпогондо, патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзүү.
Бузуулар аныкталган же тобокелдик факторлору болгон учурда импорттоочуга же анын ыйгарым укуктуу адамына аларды жоюу тууралуу талап коюлат.
Көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда салык органы маалымкат берүүдөн баш тартат же колдонуудагы маалымкатты ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кайра чакыртып алат (жокко чыгарат) жана ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте бузуулар жоюлган учурга чейин автоматташтырылган системага кирүү мүмкүнчүлүгүн жабат.
13-2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана/же транспорт каражаттарын мыйзамдардын талаптарын бузуу менен ташып өтүүнүн үч фактысы аныкталган учурда, аларга карата календардык жылдын ичинде айып салуу жөнүндө токтомдор чыгарылган болсо, салык органы колдонуудагы маалымкатты кайра алат (жокко чыгарат) жана ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте бир жылдык мөөнөткө автоматташтырылган системага кирүү мүмкүнчүлүгүн жабат.";
- 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМR же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер менен белгиленген ченемдерден ашып кетүү менен жеке пайдалануу үчүн товарларды ташып киргизүү фактылары аныкталган учурда мобилдик топ кыйыр салыктарды төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн материалдарды жеке жактын катталган жери боюнча аймактык салык органына жөнөтөт.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу, аларды пайдалануу жана кайтаруу тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү тарабынан.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктта "2025-жылдын 31-сентябрына" деген сөздөр "2026-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын СТАВКАЛАРЫ
№ | Акциздик продукциянын түрү | Акциздин ставкасы | |||
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2027-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2028-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2029-жылдын 1-январынан тартып | ||
1 | КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык улуттук суусундуктарды (бозо, максым жана жарма) кошпогондо, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 3 сом/литр | |||
1-1 | ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) | 0 сом/литр | |||
1-2 | 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу энергетикалык, алкоголсуз суусундуктар | 6 сом/литр | |||
1-3 | 2025-жылдын 15-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатып алынган жемиштерден, кургатылган жемиштерден жана мөмөлөрдөн ата мекендик айыл чарба кайра иштетүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн кант кошулган компоттор, шербеттер, нектарлар жана морстор | 1 сом/литр | |||
1-4 | 2027-жылдын 1-майынан тартып коомдук тамактануу субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жана чекене сатылган, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 0 сом/литр | 3 сом/литр | ||
2 | ТЭИ ТН 2204 (220410 жана 220430 тышкары), 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шараптар | 25 сом/литр | 30 сом/литр | 35 сом/литр | 40 сом/литр |
3 | ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
4 | ТЭИ ТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
5 | ТЭИ ТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 200сомов/литр | 220 сомов/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
6 | ТЭИ ТН 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 товардык позицияларында классификациялануучу коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 140 сом/литр | 160 сом/литр | 180 сом/литр | 200 сом/литр |
7 | Арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн суусундуктарды, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты чыгаруу үчүн аларды өндүрүү укугуна лицензиясы болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө бергенден же товар өндүрүүчүлөр импорттогондон жана норманын чегинде атайын керектөөчүлөргө бергенден тышкары, ТЭИ ТН 2207 товардык позициясында классификациялануучу денатурланбаган этил спирти, денатурланган ар кандай концентрациядагы этил спирти жана башка спирттик тундурмалар | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
8 | ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер | 100 сом/литр | |||
9 | ТЭИ ТН 220430 товардык позициясында классификациялануучу шарап материалдары | 5 сом/литр | |||
10 | ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра | 20 сом/литр | 25 сом/литр | 30 сом/литр | |
11 | ТЭИ ТН 2204, 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шуулдап туруучу шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан | 50 сом/литр | 55 сом/литр | 60 сом/литр | 70 сом/литр |
12 | ТЭИ ТН 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 271019290 товардык позицияларында классификациялануучу кышкы дизель отунунан тышкары, мотордук, атайын бензиндер, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 5000 сом/тонна | |||
13 | ТЭИ ТН 2710192100 товардык позициясында классификациялануучу реактивдүү отун | 0 сом/тонна | |||
14 | ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну | 400 сом/тонна | |||
15 | ТЭИ ТН 271019510-2710196809, 2710203101-2710203909 товардык позицияларында классификациялануучу мазут | 400 сом/тонна | |||
16 | ТЭИ ТН 2710192900 товардык позицияларында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизель отунуна карата) | 400 сом/тонна | |||
Эскертүү:
1 литр ликер-арак ичимдиктерине, күчтөндүрүлгөн суусундуктарга, күчтөндүрүлгөн ширелерге жана бальзамдарга акциз салыгынын ставкасы ТЭИ ТН 220890 товардык позициясында классификацияланган алкоголу аз башка суусундуктарды, башка тундурмаларды кошпогондо, аларда этил спиртинин болушун эске алуу менен кайра эсептелет. Мында базалык ставка болуп күчтүүлүгү спирттин 40 көлөмдүк пайыздагы ушул ичимдикке ставка эсептелет.".