Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 1-декабры № 1045-т
Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча расмий статистикалык маалыматтарды даярдоодо жана эл аралык уюмдарга берүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик органдар:
1) Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча маалыматтарга (суроолор тизмеги, анкеталар, маалыматтар базасы жана башка форматтар) туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча ишти координациялоого ыйгарым укуктуу жооптуу кызматкерлерди дайындасын;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Туруктуу өнүктүрүү максаттарына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында түзүлүүчү жана эл аралык уюмдарга берүүгө арналган статистикалык маалыматтарды (суроолор тизмегин, маалыматтар базасын жана отчёттуулуктун башка формаларын кошкондо) макулдашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
1) 2026-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Туруктуу өнүктүрүү максаттарына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында эл аралык уюмдарга жөнөтүлүүчү статистикалык маалыматтарды макулдашуу жана валидациялоо тартибин иштеп чыксын жана киргизсин;
2) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды даярдоодо жана эл аралык уюмдарга берүүдө методологиялык, консультациялык жана практикалык жардам көрсөтсүн;
3) ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жооптуу кызматкерлер үчүн статистикалык маалыматтарды даярдоо, макулдашуу жана эл аралык уюмдарга берүү маселелери боюнча окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |