Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 26-декабрындагы № 837
токтому менен бекитилди)
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Тартиптин негизги максаты – “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында колдонуу, алардын туура, этикалык, маданий жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу колдонулушун камсыз кылуу тартибин укуктук жөнгө салуу.
3. Ушул Тартиптин алкагында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандары болуп Манас, Семетей, Сейтек, Акбалта, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоро, Ажыбай эсептелет.
4. Бул Тартип товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) фирмалык аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын улуттук маданий мурастарды коргоону камсыз кылуу менен туура, жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу колдонуу үчүн шарттарды түзөт.
белгилеринде “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын жана алардын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонуу
5. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандарынын ысымдарын колдонуу улуттук жана чет өлкөлүк өтүнмө ээлери үчүн ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.