Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 29-декабры № 384
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 11-августундагы № 188 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 254 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |