Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры ПТ № 454
Бишкек шаарынын саркынды сууларды чыгаруу системасынын натыйжалуу жана экологиялык коопсуз иштешин камсыз кылуу, тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан тазалоочу курулмалардын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте кабыл алсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |