Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 747 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши, колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө билдирүүнүн, ошондой эле аларды жарыялоонун ТАРТИБИ
1. Эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ратификациялоо, кошулуу же бекитүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актысын чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө кабарлоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысына ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) же болбосо Кыргыз Республикасынын ага ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө кабарлоону жиберүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө кабарлоону жиберүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерин ратификациялоо жөнүндө грамоталарды же мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамоталарды жиберүү (депонирлөө) зарыл болгондо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн грамоталарды бир айлык мөөнөттө даярдайт, аларга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коёт жана анын мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин колу жана мөөрү менен бекитилет, андан кийин аларды эл аралык келишимдин депозитарийине жиберет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерин ратификациялоо жөнүндө грамоталар менен алмашуу зарыл болгон учурда, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюучу жана анын мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин колу жана мөөрү менен бекитилүүчү ратификациялоо жөнүндө грамотаны даярдайт жана андан кийин эл аралык келишимдин экинчи тарабы менен макулдашылган мөөнөттөрдө ратификациялоо жөнүндө грамоталар менен алмашууну камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши, колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө кабарлоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо Кыргыз Республикасынын ага ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо Кыргыз Республикасынын ага ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими күчүнө кирген, колдонулушу токтотуп турулган же денонсацияланган (токтотулган, андан чыккан) күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтерине, мамлекеттик комитетине, административдик ведомстволоруна, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана башка мамлекеттик органдарына кабарлоо жиберет.
6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө кабарлоону жиберүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө кабарлоону жиберүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин күчүнө кириши, колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маалымат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарлоосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында чагылдырылат.
7. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин жоболорунда же эл аралык укуктун ченемдеринде каралган башка ыкма менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимин эл аралык уюмдарда каттоо милдети Кыргыз Республикасына жүктөлсө, мындай каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Кыргыз Республикасы өзүнүн демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимин эл аралык уюмдарда каттоого укуктуу. Бул учурда мындай каттоо Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында, ошондой эле аларды түзүү жөнүндө сунуш киргизген тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий сайттарында Кыргыз Республикасынын мындай эл аралык келишимдери күчүнө кирген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды камтыган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жарыяланууга тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин тексттери аларга кол коюлган тилде/тилдерде жарыяланат.
10. Бардык келишимди же анын бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын убактылуу колдонуусун же болбосо кандайдыр бир башка жол менен жетишилген убактылуу колдонуу жөнүндө келишимди караган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын ушул эл аралык келишимдери күчүнө кирген датадан тартып бир айлык мөөнөттө аларды түзүү жөнүндө сунуш киргизген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан өздөрүнүн расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.