Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VII Чакырылыш, 8-сессиялык отурум
2024-жылдын 23-майындагы № 19
Жайыл айыл аймагынын жайыт комитетинин мүлкүн (атайын техникасын)“ Жайыл Таза Аймак” Муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө “Жарлыгынын негизинде жана Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде “Жайыл Таза Аймак” МИ мүдүрүнүн баяндамасын угуп жана берилген эсептөөлөрдү талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл аймагынын Жайыт комитетинин кыймылсыз мүлкүн, атайын техникасын жана иш кагаздарын кабыл алуу актысы боюнча “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Мамбеткулов А.А. |