Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 17/ III
2024-жылдын 18-декабрындагы №10/II ““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүң 2024-жылдын 26 декабрындагы №01-10/1285 2025-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоону көбөйтүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 17-беренесине ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 18-декабрындагы №10/II токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилсин: долбоордук- сметага ылайык 50 пайыз 2 696 242,0 миң сом (эки миллион алты жүз токсон алты миң эки жүз кырк эки) түзгөн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин салымы катары каржылоого кепилдик берилсин.
2. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |