Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VII Чакырылыш, 8-сессиялык отурум
2024-жылдын 23-майындагы № 21
Жайыл районунда 2024-ж. спорттук иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү жөнүндө
Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-мартындагы № 107-б “2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Жайыл районунун аймагында спорттук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде, Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы - М.Ж.Кокоевдин сөзүн угуп жана талкуулап, берилген материалдарды карап чыгып, Жайыл айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылы спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө каражат бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык Кеңешинин төрагасы |
|
Мамбеткулов А.А. |