Сравнение редакций…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы
"Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору"
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
4-глава. Башкаруу органынын компетенциясы
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
6-глава. Ишкананы башкаруу
7-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
8-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
9-глава. Ишкананын мүлкү
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) мамлекеттик ишкананын ишин регламенттейт жана "бирдиктүү терезе" системасын киргизүүнү, тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашырууну жана илгерилетүүнү жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

3. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - башкаруу органы) саналат.

5. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, башкаруу органынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ жана ишин өзүн-өзү актоо негизинде жүргүзөт.
7. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктык мекемелеринде жана чет өлкөлүк банктарда улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда алыш-бериш эсептери жана башка эсептери, мөөрү, фирмалык аталышы менен бланктары, штамптары жана башка атрибуттары бар.
8. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Центр "единого окна" в сфере внешней торговли" при Государственной таможенной службе при Министерстве финансов Кыргызской Республики".

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 8-пунктта үчүнчү абзацында мамлекеттик тилинде текстке дал келбейт
9. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: БТБ МИ;
- расмий тилде: ГП ЦЕО.
10. Ишкананын юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 4а.
11. Бул Уставга өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
12. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
13. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иш алып барат.
14. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана
функциялары
15. Ишкана өз ишин импорттук-экспорттук операцияларды жөнгө салуу үчүн арыз ээлеринин зарыл болгон уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди алуусунун жеткиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана ыкчамдыгын камсыз кылуу аркылуу соода жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзөт.
16. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн импорттук-экспорттук ишти жүзөгө ашырууда "бирдиктүү терезе" системасын уюштуруу, өнүктүрүү, кызмат көрсөтүү жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу;
2) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу.
17. Ишкана жүктөлгөн иш милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашырууга жана илгерилетүүгө катышат;
2) тышкы экономикалык иштин катышуучулары болуп эсептелген жеке жана юридикалык жактарга "бирдиктүү терезе" системасынын иштөө жана өнүктүрүү тартиби, шарттары тууралуу маалымат жана консультация берет;
3) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын маалыматтарын эсепке алат жана каттоодон өткөрөт;
4) мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын маалыматтык системалары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
5) тышкы соода иши боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына жана башка документтерге коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн белгиленген тартипте камсыз кылат;
6) тышкы соода чөйрөсүндө маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу максатында кызыкдар тараптардын ортосунда документтерди автоматташтырылган түрдө өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) "бирдиктүү терезе" принцибинин алкагындагы экспорттук-импорттук операцияларды тариздөөгө тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат жана мониторинг жүргүзөт;
8) "бирдиктүү терезе" системасынын электрондук ченемдик укуктук маалыматтар базасын түзөт, ишке киргизет жана жаңыртып турат;
9) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдарга, жеке жана юридикалык жактарга статистикалык жана башка маалыматтарды берет;
10) мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматты жана Ишкананын иши тууралуу башка маалыматтарды даярдайт жана башкаруу органына берет;
11) Ишкананын иши, "бирдиктүү терезе" системасынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу отчетторду башкаруу органына берет;
12) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү маселеси боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара аракеттенет жана тажрыйба алмашат;
13) документтерди кагаз жана электрондук форматтарда жүргүзөт, топтойт, эсепке алат жана сактайт;
14) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тиешелүү документтерди тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдарды алат, ошондой эле мамлекеттик органдарга кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген тартипте төлөм жүргүзөт;
15) чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын жана дайындалышы боюнча пайдаланылышын камсыз кылат;
16) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
17) ишке киргизилген маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын техникалык коштоону жана модернизациялоону жүзөгө ашырат;
18) окутуу жүргүзөт жана маалыматтык системаларды пайдалануучуларга аларды эксплуатациялоодо колдоо көрсөтөт;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иштин түрлөрүн жүргүзөт.
18. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна ага өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
Ишкана ага өткөрүлүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Уставда аткарылган иштер үчүн пайдаланат.

19. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу жана илгерилетүү боюнча ишти өркүндөтүү жөнүндө сунушту башкаруу органына берүүгө;
2) тышкы экономика жана тышкы соода чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды башкаруу органына берүүгө;
3) тышкы соода операцияларын администрациялоого тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
4) тышкы экономикалык иштин катышуучуларын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардан, жеке жана юридикалык жактардан "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында маалымат суроого жана алууга;
5) тышкы экономикалык иштин катышуучулары тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипте эсепке алууга жана каттоого;
6) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтерин берүү максатында "бирдиктүү терезе" системасына тартылган ведомстволордон/уюмдардан жана арыз ээлеринен тиешелүү документтерди кабыл алууга, өткөрүп берүүгө жана алмашууга;
7) Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын электрондук базасы жана башка ыкмалар аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучуларына, жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
8) Ишкананын чарбалык башкаруусундагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
9) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү башкаруу органы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
10) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү ачууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жери боюнча чет мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, юридикалык жакты (фонддорду, ассоциацияларды (бирликтерди), коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдарды) уюмдаштырууга катышууга;
11) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, жалпы юрисдикция сотторунда доогер жана жоопкер катарында чыгууга;
12) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын, жеке жана юридикалык жактардын керектөөлөрүнө жараша аткарылуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн аныктоого;
13) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
14) материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен белгиленген тартипте накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
15) ушул Уставга ылайык башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү аймактык кызматтарды түзүүгө;
16) юридикалык жана жеке жактардан улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада коммерциялык негизде алынуучу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
17) жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде Ишкананын кызматкерлерин окутуу, консультацияларды жүргүзүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн адистерди тартууга;
18) Ишкананын кызматкерлерин конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймактарына иш сапарларга жиберүүгө;
19) Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды Ишкананын каражаттарынын эсебинен окутууга;
20) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
21) акы төлөнүүчү жана акысыз негизде маалыматтык, коммуникациялык, статистикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишти аткарууга.
20. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуу убактысы, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Ишкана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өзүнүн кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.
21. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын кыйла натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
2) башкаруу органына Ишкананын иши тууралуу отчетторду берүүгө;
3) башкаруу органына тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды ушул Уставга ылайык берүүгө;
4) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча кызматкерлерге эмгек акы төлөө формасын жана системасын аныктоого жана иш убактысын суммаланган эсепке алууну киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
6) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү, ошондой эле коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууга жана Ишкананын кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
7) салык жана башка органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырды, анын ичинде Ишканада иштөөсү токтотулгандан кийин да сактоого милдеттүү.
23. Ишкана келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Башкаруу органынын компетенциясы
24. Башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башкаруу органынын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
25. Башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананы финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
26. Башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
Башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышына контролдоо;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
6-глава. Ишкананы башкаруу
28. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - Ишкананын мүлкүнүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашыруучу Ишкананын уюштуруучусу;
2) мамлекеттик башкаруу органы - тейлеген тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашыруучу орган;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдоочу орган;
4) аткаруу органы (жетекчи) - Ишкананын учурдагы ишин башкарууну жүзөгө ашырган Ишкананын директору (же башкы директору).
29. Ишкананын директору Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, башкаруу органы тарабынан сунушталган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
30. Ишкананын директору үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
31. Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
32. Ишкананын директору төмөнкү учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) иши канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
33. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-план) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга киргизүү;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
8) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
12) Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктоо;
13) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
34. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
35. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кандай болбосун чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
36. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
37. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
38. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
39. Ишканада директордун орун басары кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
40. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
41. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардан пайдаланат жана жоопкерчилик тартат.
42. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
43. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
7-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
44. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
45. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
46. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирбейт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттуулугу, анын ичинде жоюлган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн ээлеген уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) жеке менчик формасына карабастан, чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
8-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
47. Ишкана өз ишин башкаруу органы тарабынан үч жылдык мезгилге бекитилген стратегиялык өнүктүрүү планынын жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджеттин негизинде жүзөгө ашырат.
48. Ишкананын иш пландарынын негизин берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
49. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди аныктоодо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин каалаган башка шарттарында эркин.
50. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
51. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (эгерде ички аудит кызматы бар болсо);
2) башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
52. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
53. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоону;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктерди талдоону.
54. Ишкананын директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
55. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
56. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9-глава. Ишкананын мүлкү
57. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
58. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген мүлк;
2) чарбачылык иштен алынган кирешелер;
3) жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аткарылган иштерден жана көрсөтүлгөн кызматтардан алынган кирешелер;
4) мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
5) гранттар, банктардын жана башка мекемелердин кредиттери;
6) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
59. Ишкана тарабынан жеке финансы-чарбалык ишинен алган кирешелеринин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу (ижара) укугун жүзөгө ашырат.
60. Ишканадан анын негизги фонддорунун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлкүн алып коюуга уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
61. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
62. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
Ишкананын мүлктү пайдалануусунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу саналат.
63. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же менчик ээсинин макулдугусуз бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укугу жок.
64. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон калган мүлктү ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча тескейт.
65. Ишкана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө андан ары республикалык бюджетке жиберет.
66. Ишканада "бирдиктүү терезе" системасын өнүктүрүү фонду түзүлөт, ал Ишкананын таза кирешесинин жана гранттык каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
67. "Бирдиктүү терезе" системасын өнүктүрүү фондунун акча каражаттары өзүнчө ачылган банк эсебинде топтолуп, төмөнкүдөй максаттар үчүн жумшалат:
1) "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө;
2) "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын натыйжалуу киргизүү үчүн технологияларды, материалдык-техникалык каражаттарды өркүндөтүүгө жана модернизациялоого;
3) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү максатында заманбап технологиялар менен камсыздоого жана жабдууга;
4) Ишкананын айырмаланган айрым кызматкерлерине дем берүүгө жана сый акы берүүгө.
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
68. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
69. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
70. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп эсептелбеген Ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер, анын ичинде эмгектик мамилелер жаатындагы укуктар жана милдеттенмелер боюнча анын укук улантуучусу болуп саналат.
71. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
72. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы
"Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору"
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 848 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
4-глава. Башкаруу органынын компетенциясы
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
6-глава. Ишкананы башкаруу
7-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
8-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
9-глава. Ишкананын мүлкү
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) мамлекеттик ишкананын ишин регламенттейт жана "бирдиктүү терезе" системасын киргизүүнү, тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашырууну жана илгерилетүүнү жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - башкаруу органы) саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, башкаруу органынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ жана ишин өзүн-өзү актоо негизинде жүргүзөт.
7. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктык мекемелеринде жана чет өлкөлүк банктарда улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда алыш-бериш эсептери жана башка эсептери, мөөрү, фирмалык аталышы менен бланктары, штамптары жана башка атрибуттары бар.
8. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Центр "единого окна" в сфере внешней торговли" при Государственной таможенной службе при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 8-пунктта үчүнчү абзацында мамлекеттик тилинде текстке дал келбейт
9. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: БТБ МИ;
- расмий тилде: ГП ЦЕО.
10. Ишкананын юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 4а.
11. Бул Уставга өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
12. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
13. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иш алып барат.
14. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана
функциялары
15. Ишкана өз ишин импорттук-экспорттук операцияларды жөнгө салуу үчүн арыз ээлеринин зарыл болгон уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди алуусунун жеткиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана ыкчамдыгын камсыз кылуу аркылуу соода жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзөт.
16. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн импорттук-экспорттук ишти жүзөгө ашырууда "бирдиктүү терезе" системасын уюштуруу, өнүктүрүү, кызмат көрсөтүү жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу;
2) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу.
17. Ишкана жүктөлгөн иш милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашырууга жана илгерилетүүгө катышат;
2) тышкы экономикалык иштин катышуучулары болуп эсептелген жеке жана юридикалык жактарга "бирдиктүү терезе" системасынын иштөө жана өнүктүрүү тартиби, шарттары тууралуу маалымат жана консультация берет;
3) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын маалыматтарын эсепке алат жана каттоодон өткөрөт;
4) мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын маалыматтык системалары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
5) тышкы соода иши боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына жана башка документтерге коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн белгиленген тартипте камсыз кылат;
6) тышкы соода чөйрөсүндө маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу максатында кызыкдар тараптардын ортосунда документтерди автоматташтырылган түрдө өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) "бирдиктүү терезе" принцибинин алкагындагы экспорттук-импорттук операцияларды тариздөөгө тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат жана мониторинг жүргүзөт;
8) "бирдиктүү терезе" системасынын электрондук ченемдик укуктук маалыматтар базасын түзөт, ишке киргизет жана жаңыртып турат;
9) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдарга, жеке жана юридикалык жактарга статистикалык жана башка маалыматтарды берет;
10) мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматты жана Ишкананын иши тууралуу башка маалыматтарды даярдайт жана башкаруу органына берет;
11) Ишкананын иши, "бирдиктүү терезе" системасынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу отчетторду башкаруу органына берет;
12) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү маселеси боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара аракеттенет жана тажрыйба алмашат;
13) документтерди кагаз жана электрондук форматтарда жүргүзөт, топтойт, эсепке алат жана сактайт;
14) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тиешелүү документтерди тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдарды алат, ошондой эле мамлекеттик органдарга кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген тартипте төлөм жүргүзөт;
141) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишин жөнөкөйлөтүүчү маалыматтык интеллектуалдык сервистерди көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдарды алат;
15) чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын жана дайындалышы боюнча пайдаланылышын камсыз кылат;
16) маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
17) ишке киргизилген маалыматтык системаларды/программалык камсыздоо продуктуларын техникалык коштоону жана модернизациялоону жүзөгө ашырат;
18) окутуу жүргүзөт жана маалыматтык системаларды пайдалануучуларга аларды эксплуатациялоодо колдоо көрсөтөт;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иштин түрлөрүн жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 848 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна ага өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
Ишкана ага өткөрүлүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Уставда аткарылган иштер үчүн пайдаланат.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
19. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу жана илгерилетүү боюнча ишти өркүндөтүү жөнүндө сунушту башкаруу органына берүүгө;
2) тышкы экономика жана тышкы соода чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды башкаруу органына берүүгө;
3) тышкы соода операцияларын администрациялоого тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
4) тышкы экономикалык иштин катышуучуларын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардан, жеке жана юридикалык жактардан "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында маалымат суроого жана алууга;
5) тышкы экономикалык иштин катышуучулары тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипте эсепке алууга жана каттоого;
6) "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтерин берүү максатында "бирдиктүү терезе" системасына тартылган ведомстволордон/уюмдардан жана арыз ээлеринен тиешелүү документтерди кабыл алууга, өткөрүп берүүгө жана алмашууга;
7) Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын электрондук базасы жана башка ыкмалар аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучуларына, жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
8) Ишкананын чарбалык башкаруусундагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
9) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү башкаруу органы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 848 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, жалпы юрисдикция сотторунда доогер жана жоопкер катарында чыгууга;
12) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын, жеке жана юридикалык жактардын керектөөлөрүнө жараша аткарылуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн аныктоого;
13) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
14) “бирдиктүү терезе” системасына интеграцияланган мамлекеттик жана жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү накталай эмес жана накталай кабыл алууга;
15) ушул Уставга ылайык башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү аймактык кызматтарды түзүүгө;
16) юридикалык жана жеке жактардан улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада коммерциялык негизде алынуучу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
17) жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде Ишкананын кызматкерлерин окутуу, консультацияларды жүргүзүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн адистерди тартууга;
18) Ишкананын кызматкерлерин конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймактарына иш сапарларга жиберүүгө;
19) Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды Ишкананын каражаттарынын эсебинен окутууга;
20) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
21) акы төлөнүүчү жана акысыз негизде маалыматтык, коммуникациялык, статистикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишти аткарууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 848 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуу убактысы, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Ишкана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өзүнүн кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.
21. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын кыйла натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
2) башкаруу органына Ишкананын иши тууралуу отчетторду берүүгө;
3) башкаруу органына тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды ушул Уставга ылайык берүүгө;
4) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча кызматкерлерге эмгек акы төлөө формасын жана системасын аныктоого жана иш убактысын суммаланган эсепке алууну киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
6) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү, ошондой эле коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууга жана Ишкананын кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
7) салык жана башка органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырды, анын ичинде Ишканада иштөөсү токтотулгандан кийин да сактоого милдеттүү.
23. Ишкана келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Башкаруу органынын компетенциясы
24. Башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башкаруу органынын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
25. Башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананы финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
26. Башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
Башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) башкаруу органынын сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышына контролдоо;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 848 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Ишкананы башкаруу
28. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - Ишкананын мүлкүнүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашыруучу Ишкананын уюштуруучусу;
2) мамлекеттик башкаруу органы - тейлеген тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашыруучу орган;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдоочу орган;
4) аткаруу органы (жетекчи) - Ишкананын учурдагы ишин башкарууну жүзөгө ашырган Ишкананын директору (же башкы директору).
29. Ишкананын директору Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, башкаруу органы тарабынан сунушталган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
30. Ишкананын директору үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
31. Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
32. Ишкананын директору төмөнкү учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) иши канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
33. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-план) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга киргизүү;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
8) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
12) Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктоо;
13) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
34. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
35. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кандай болбосун чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
36. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
37. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
38. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
39. Ишканада директордун үч орун басарынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын кызмат орду түзүлөт, алар башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 848 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
41. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардан пайдаланат жана жоопкерчилик тартат.
42. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
43. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
7-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
44. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
– директор, директордун орун басарлары;