Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-апрели № 179
Товарларды маркалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 "Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- бешинчи абзац "2710197100-2710199800" деген цифралардан кийин ", 3403199000" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- 2025-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларда классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;";
2) жогорудагы көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн акциздик товарлар (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслодон тышкары) жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позицияларында классификациялануучу битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майлар, башка майлар, майлоочу майларга кошумдар, ошондой эле ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн акциздик товарлар (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслодон тышкары) жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позицияларында классификациялануучу битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майлар, башка майлар, майлоочу майларга кошумдар, ошондой эле ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит акциздик жыйым маркасы менен маркаланууга тийиш. Түрлөр, аталыштар жана сыйымдуулук боюнча (алкоголдук ичимдиктер жана суу, анын ичинде канттын, же башка таттуулагычтын, же даамдуу-ароматтык заттардын кошулмалары камтылган минералдык жана газдалган суулар үчүн) акциздик продукцияны маркалоо салык кызматынын органынын акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-1-пунктунун экинчи абзацындагы "мунай продуктуларына" деген сөздөр "отун маркери менен маркаланган бензинге жана дизелдик отунга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду узартуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктта "2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 "Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спириттен тышкары, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошундулар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) маркалануучу продукция - ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спириттен тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошундулар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата);";
- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өндүрүүчүлөрдө лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мунайды кайра иштетүүгө лицензиясы болгон учурда алар тарабынан импорттолуучу, мунайзаттарды дистилляциялоо же кайра иштетүү жолу менен (анын ичинде процесстер: каталитикалык крекинг, оор дизелдик отунду изомерлөө жана депарафинизациялоо) маркалануучу продукцияны өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдаланылуучу маркалануучу отундан тышкары, уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында отун маркери менен белгиленбеген отун маркери жок маркалануучу отунду жүктөп жөнөтүүгө жана сатууга, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына отун маркери жок маркалануучу отунду ташып келүүгө тыюу салынат.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Жобонун 2-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу маркалануучу продукция отун маркери менен маркаланууга тийиш.";
- 10-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Отунду маркалоо Кыргыз Республикасынын аймагында видео фиксация каражаттарын колдонуу менен отунду маркалоо оператору тарабынан гана жүзөгө ашырылат.".
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1 жана 4-пункттарды кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |