Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VII чакырылыш, 8-сессиялык отурум
2024-жылдын 23-майындагы № 22
Жайыл айыл өкмөтүнүн административдик-аймактык реформадан кийин социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, ошондой эле айыл өкмөт башчысы М.Дж. Кокоевдин Красный Восток айыл аймагы менен бириккен Жайыл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүгүү планын угуп жана таклкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын экинчи жарымына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бирдиктүү планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Мамбеткулов А.А. |