Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VII Чакырылыш, кезексиз 9-сессиялык отурум
2024-жылдын 25-июнундагы № 24
2025 жылдын бюджеттик долбоорун жана 2026-2027 жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 12.12.2019 № 147-П буйругуна жана 2024-жылга бюджеттик процесстин графигине ылайык, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан сунушталган материалдарды угуп жана талкуулагандан кийин Жайыл айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өз кирешелерден жана атайын каражаттардан турган 2025-2027-жылдарга айылдык аймактын бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:
| Баардыгы | Өз кирешелер | Атайын каражаттар |
2025 жыл | 25 757,3 миң сом | 24 157,3 миң сом | 1 600,0 миң сом
|
2026 жыл | 26 344,0 миң сом | 24 644,0 миң сом | 1 700,0 миң сом
|
2027 жыл | 27 131,8 миң сом | 25 331,8 миң сом | 1 800,0 миң сом
|
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
А.А. Мамбеткулов |