Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VII чакырылыш, 10-сессиялык отурум
2024-жылдын 27-августундагы № 25
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Жайыл айыл аймагында ишмердүүлугү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, “Айылды инвестициялоонун -3 Кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Жайыл айыл аймагында аткарылган иштери боюнча Айылдык коомчулук инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрайымы -А.Ахметбекованынмаалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Жайыл айыл аймагында аткарылган иштери боюнча Айылдык коомчулук инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрайымы -А.Ахметбекованын маалымат-отчету кабыл алынсын ( тиркеме 1.)
2. Айыл өкмөт башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүу жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Мамбеткулов А.А. |