УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 19 /III
Көмөкчордон орнотуу үчүн жер участогун айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 26-декабрындагы № 01-10/1286 “Көмөкчордон орнотуу үчүн жер участогун айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”кайрылган катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27-беренесинин 15 пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ошондой эле Узун-Кыр айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Узун-Кыр айыл аймагы, контур 323-293 дарегинде жайгашкан жер участокторуна көмөкчордон орнотуу үчүн кабыл алууга макулдук берилсин:
-жалпы аянты 171,75 ч.м.
-жалпы аянты 163,00 ч.м.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер участокторун көмөкчордон орнотуу үчүн айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Б.Смановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Минбаев |