Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 19-ноябрындагы № 05/2-17/318
Кыргыз Республикасына органикалык продукцияны ташып келүүнүн эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 46-пунктчасына ылайык, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасына органикалык продукцияны ташып келүүнүн эрежелери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу, кайра иштетүү өнөр жайы жана органика башкармалыгы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин ушул тармакты тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары |
|
Ж.К. Керималиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасына органикалык продукцияны ташып келүү эрежелери жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасына органикалык продукцияны ташып келүүнүн (импорттун) тартибин жана эрежелерин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын аймагына органикалык продукцияны ташып келүүчү бардык юридикалык жана жеке жактарга карата колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн органикалык продукцияны ташып келүүнүн тартиби жана эрежелери Кыргыз Республикасынын аймагына органикалык продукцияны ташып келүүдө бирдиктүү талаптарды, “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын аймагында органикалык өндүрүштү, сертификаттоону, органикалык продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттүү талаптарды белгилөө максатында иштелип чыкты.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
3. Бул Жободо төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) импорттоочу – Кыргыз Республикасынын резиденти же резиденти эмес, импорттолуучу товарды сатып алуучу же алуучу болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагына органикалык продукцияны ташып келүүнү (импорттоону) жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак, жеке ишкер.
3. Үчүнчү өлкөлөрдөн органикалык продукцияны ташып келүү эрежелери
4. Тышкы экономикалык иштин катышуучусу пландалган органикалык продукциянын ташып келүү жөнүндө бажы органдарына жана органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
5. Органикалык продукцияны чыгарууга байланыштуу бажы операциялары, алып өтүү тартиби жана шарты Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Документацияны текшерүү продукциянын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүсүнө карата жүргүзүлөт:
– органикалык өндүрүш жана продукциянын органикалык шайкештигин ырастоо чөйрөсүндө;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциянын коопсуздугу, тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндө;
- шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияга карата;
- Кыргыз Республикасынын рыногунда ички керектөө үчүн чыгаруу максатында продукцияны ташып келүүгө (импорттоого) карата.
7. Органикалык продукцияны чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү максатында тышкы экономикалык иштин катышуучулары төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:
1) сертификаттоо боюнча органдар тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан аккредиттелген же Кыргыз Республикасынын органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан таанылган органикалык өндүрүштүн жана органикалык продукциянын шайкештик сертификаттары;
2) продукциянын түрүнө жана экспорттоочу өлкөгө жараша:
- лабораториялык изилдөөлөрдүн протоколдору;
- шайкештик сертификаты (милдеттүү түрдө сертификаттоого жаткан продукциялар);
- экспорттоочу өлкөнүн органикалык өндүрүш системаларынын эквиваленттүүлүгүн ырастоочу документтер.
8. Органикалык өндүрүш системаларынын жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн тастыктоо, ташып келинген продукция чыккан өлкөнүн органикалык өндүрүшүн сертификаттоо жок болгон учурда, үчүнчү өлкөлөрдөн органикалык продукцияны (продуктуларды) ташып келүүнү жүзөгө ашырган импорттоочулар органикалык шайкештик сертификатын таануунун ырастоосун алууга тийиш.
9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган органикалык продукциянын шайкештигин ырастоонун натыйжаларын таануу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Органикалык өндүрүштү сертификаттоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин органикалык продукцияны ташып кирүү эрежелери
10. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында продукция, эгерде ал Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин органикалык өндүрүш стандарттарынын тизмесине (мындан ары-тизме) киргизилген стандарттардын талаптарына ылайык, аны менен байланышкан кайра иштетүү, сактоо жана ташуу процесстерин кошкондо, органикалык өндүрүш шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринде өндүрүлгөн (алынган) болсо, аны Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу максатында органикалык деп таанылат.
11. Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттерде өндүрүлгөн органикалык продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана сатууга мындай продукцияны өндүрүүнүн (аны менен байланышкан кайра иштетүү, сактоо жана ташуу процесстеринин) тизмеге киргизилген стандарттарга ылайыктуулугун тастыктаган сертификаты болгондо жол берилет.
12. Органикалык өндүрүштүн (аны менен байланышкан кайра иштетүү, сактоо жана ташуу процесстеринин) тизмеге киргизилген стандарттарга шайкештигин баалоо (ырастоо) ыктыярдуу сертификаттоо формасында жүзөгө ашырылат жана органикалык өндүрүштү сертификаттоо боюнча органдар (аны менен байланышкан кайра иштетүү, сактоо жана ташуу процесстери) катары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин сертификаттоо боюнча органдарынын реестринде турган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде аккредиттелген шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча органдар тарабынан жүргүзүлөт.
13. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына органикалык продукцияны ташып келүү (импорттоо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №22 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Органикалык продукцияны импорттоодо кошумча жол-жоболор жана талаптар
14. Эгерде органикалык продукция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын тизмесине киргизилген продукция түрүнө кирсе, анда импорттолуучу органикалык продукция. Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык белгиленген формадагы шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө катталган декларациясы болгондо гана Кыргыз Республикасынын рыногунда ички керектөө үчүн чыгарылууга тийиш.
15. Тиешелүү документтер жок болгон учурда импорттоочу тарабынан органикалык катары билдирилген продукция Кыргыз Республикасынын ички рыногунда органикалык продукция катары алып келүүгө жана жүгүртүүгө жол берилбейт жана экспорттоочу өлкөгө кайтарылып берилиши мүмкүн.