Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январындагы № 21/IV
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025 жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Узун-Кыр айылдык кеңешинин даярдалган иш планын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын жетегинде жана 2025-жылдын 24-январындагы №20/IV Узун-Кыр айылдык кеңешинин токтому менен бекитилген Узун-Кыр айылдык кеңешинин Регламентине ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айылдык кеңешинин иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык кенештин иш алып баруусу бекитилген план менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Минбаев |