Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-декабры № 849
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
аудитордук иш жаатындагы айрым чечимдерин
күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |