УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январындагы № 23/IV
“Ысык-Ата районунунЛенинское айылы- Бишкек автобекети” №395 маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-январындагы №01-10/82 ЖЧК “Ника-Плюстун” кайылуусун карап берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин ылайык, муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата районунун Ленинское айылы- Бишкек автобекети №395 маршруту боюнча бир жүргүнчүнүн жол кире акысы бекитилсин:
Ленинское айылы – Агрохолдинг Аталык - 10 сом
Агрохолдинг Аталык-Бишкек автобекети – 20 сом
Ленинское айылы– Бишкек автобекети – 30 сом
2. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Минбаев |