Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 19-ноябрындагы № 05/2-17/319
Сертификаттоо боюнча органдардын жана органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 14-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 44-пунктчасына ылайык, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жобосунун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Сертификаттоо боюнча органдардын жана органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу, кайра иштетүү өнөр жайы жана органика башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин ушул тармакты тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары |
|
Ж.К. Керималиев
|
Тиркеме
Сертификаттоо боюнча органдардын жана органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12 жана 14-беренелеринин талаптарына ылайык сертификаттоо боюнча органдардын жана органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестрин (мындан ары –Реестр) түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген терминдер жана алардын аныктамалары пайдаланылат.
2-глава. Реестрди жүргүзүүнүн жалпы принциптери
3. Реестр сертификаттоо боюнча органдар, органикалык өндүрүштүн операторлору, органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштары (алар тарабынан өндүрүлгөн, кайра иштетилген жана жүгүртүүгө чыгарылган) жана органикалык өндүрүш жаатындагы ишти жүргүзүүгө жана пайдаланууга жарактуу деп таанылган жерлер (жер тилкелер) жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык системаны билдирет.
4. Реестрде камтылган маалыматтар категориялар боюнча түзүлөт:
1) сертификаттоо боюнча органдардын маалымат базасы;
2) органикалык өндүрүш операторлорунун, органикалык өндүрүш операторлорунун топторунун, алардын органикалык өндүрүш объекттеринин жана алар өндүргөн, кайра иштеткен жана жүгүртүүгө чыгарган органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштарынын маалымат базасы;
3) кепилдик катышуу системасынын органикалык өндүрүшүнүн локалдуу жергиликтүү топторунун (англис тилинде – participatory guarantee systems (PGS), алардын өндүрүш объекттеринин жана алар өндүргөн, кайра иштеткен жана жүгүртүүгө чыгарган органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштарынын маалымат базасы;
4) органикалык өндүрүш жаатында иш жүргүзүү үчүн жарактуу деп таанылган жана пайдаланылган жерлердин (жер тилкелеринин) маалымат базасы.
5. Реестрди түзүү, жүргүзүү, жаңылоо жана анын үзгүлтүксүз иштөөсү, ошондой эле реестр жазууларында камтылган маалыматтарга пайдалануучулардын жетүүсү реестрдик жазууларды түзүү, жүргүзүү, маалыматтардын үзгүлтүксүз актуалдаштыруу, резервдик көчүрмөсүн сактоо жана алардын ачыктыгын, аныктыгын жана бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жолу менен органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Реестрди жүргүзүү, анын ичинде маалыматтарды киргизүү, аларды иштеп чыгуу, актуалдаштыруу, сактоо жана пайдалануу, Реестрди жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасында камтылган маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу, ошондой эле бул маалыматтарды коргоо Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо жана мамлекеттик маалыматтык системалар жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) Реестрдин актуалдуу версиясын өзүнүн расмий сайтында жайгаштырууну, кызыкдар тараптар үчүн жалпыга жеткиликтүү кылууну;
2) Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасынын техникалык иштешин;
3) алардын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу үчүн Реестрде камтылган маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну, жалпылоонужана талдоону;
4) Реестрде камтылган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү;
5) Реестрде камтылган маалыматты жок кылуудан, модификациялоодон жана ага кирүүгө бөгөт коюудан, ошондой эле мындай маалыматка карата башка укукка жат аракеттерден коргоону;
6) Реестрди мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүүнү;
7) ай сайын Реестрдин маалыматтарын жаңыртып турууну.
3-глава. Реестрди түзүү, жүргүзүү жана жаңылоо тартиби
§ 1. Реестрди сертификаттоо боюнча органдардын маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү
8. Реестрди сертификаттоо боюнча органдардын маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) Реестрдин маалымат базасына киргизүү үчүн сертификаттоо боюнча орган ыйгарым укуктуу органга Реестрге киргизүү жөнүндө арыз берет;
2) ыйгарым укуктуу орган:
– келип түшкөн арызды карайт жана берилген документтердин толуктугун жана шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырат;
– арыз берген сертификаттоо боюнча органга кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүү жөнөтөт (баш тарткан учурда баш тартуунун себебин жазуу жүзүндө түшүндүрүү менен);
– Реестрде сертификаттоо боюнча органдар жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууну жүзөгө ашырат.
9. Сертификаттоо боюнча органдардын маалыматтар базасынын реестриндеги жазуулар төмөнкү жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) сертификаттоо боюнча органдын аталышы, анын юридикалык дареги жана каттоо номери;
2) аккредитациялоонун номери жана жарактуулук мөөнөтү;
3) сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдын компетенциясына кирген органикалык өндүрүштүн жана органикалык продукциянын стандарттарынын тизмеси;
4) сертификаттоо боюнча орган шайкештик сертификатын берүүгө укуктуу болгон органикалык продукциянын түрлөрү;
5) сертификаттоо боюнча органдын байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почта, веб-сайт);
6) аккредитациянын статусу жана, эгер колдонулса, колдонулган санкциялар.
10. Сертификаттоо боюнча органдарды Реестрге киргизүү алар төмөнкү критерийлерге ылайык келген учурда ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жак катары сертификаттоо боюнча органдын мамлекеттик каттоосунун болушу жана Кыргыз Республикасынын аймагында анын экономикалык ишти жүзөгө ашыруусу;
2) шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу жана функцияларды жүзөгө ашыруучу аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген колдонуудагы аккредитациянын болушу;
3) сертификаттоо боюнча органда эмгек келишиминин негизинде шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн шайкештикти баалоо жаатындагы эксперттерин (эксперт-аудиторлорду) сертификаттоо боюнча органдын штатта болушу;
4) органикалык өндүрүштү жана/же органикалык продукцияны жүгүртүүнү сертификаттоо боюнча функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базанын жана инфратүзүм объекттеринин болушу же тиешелүү лабораториялык анализдерди жүргүзүүнү камсыз кылуучу аккредиттелген сыноочу лаборатория менен расмий келишимдин болушу.
§ 2. Реестрдин органикалык өндүрүш операторлорунун маалымат базасында жазууларды түзүү жана жүргүзүү
11. Реестрдин органикалык өндүрүш операторлорунун маалыматтар базасында жазууларды түзүү жана жүргүзүү төмөнкү иш-аракеттер аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй маалыматтарды түзүү жана берүү:
– сертификаттоо боюнча органдар тарабынан органикалык өндүрүштүн операторлору, органикалык өндүрүштүн операторлорунун топтору, алардын органикалык өндүрүш объекттери, анын ичинде органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестрине маалыматтарды киргизүү үчүн алар өндүргөн, кайра иштеткен жана жүгүртүүгө чыгарган органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштары, органикалык өндүрүш жаатындагы ишти жүргүзүү үчүн жарактуу жана пайдаланылуучу деп таанылган жерлер (жер тилкелери) жөнүндө маалыматтар берилет;
– кепилдик катышуу системасынын (PGS) координациялык органы тарабынан кепилдик катышуу системасынын органикалык өндүрүшүнүн локалдык жергиликтүү топтору жөнүндө, алардын органикалык өндүрүш объекттери, анын ичинде органикалык продукциянын аталышы жана түрлөрү жөнүндө, кепилдик катышуу системасынын (PGS) органикалык өндүрүштүн локалдык (жергиликтүү) топторунун реестрине киргизүү үчүн органикалык өндүрүш жаатында иш жүргүзүү үчүн жарактуу деп табылган жана пайдаланылган жерлер (жер тилкелери) жөнүндө маалыматтар берилет;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Реестрге төмөнкүлөр жөнүндө/тууралуу:
− органикалык өндүрүштүн операторлору, алардын органикалык өндүрүш объекттери жана алар өндүргөн, кайра иштеткен жана жүгүртүүгө чыгарган органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштары;
− органикалык өндүрүштүн операторлорунун топтору, алардын органикалык өндүрүш объекттери жана алар өндүргөн, кайра иштеткен жана жүгүртүүгө чыгарган органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштары;
− органикалык өндүрүштүн кепилдик катышуу системасынын локалдуу жергиликтүү топтору (англис тилинде - participatory guarantee systems (PGS), алардын өндүрүштүк объекттери жана алар өндүргөн, кайра иштеткен жана жүгүртүүгө чыгарган органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштары;
− органикалык өндүрүш жаатында иш жүргүзүү үчүн жарактуу деп таанылган жана органикалык өндүрүш тармагында иш жүргүзүү үчүн колдонулган жерлерде (жер участокторунда).
12. Сертификаттоо боюнча органдар жана кепилдик катышуу системасынын (PGS) координациялык органы Реестрге киргизүү үчүн маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында берилишин камсыз кылат.
13. Сертификаттоо боюнча органдар жана кепилдик катышуу системасынын (PGS) координациялык органы органикалык өндүрүштүн шайкештигин ырастоочу документти берүү жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык маалымат беришет.
14. Органикалык өндүрүштүн операторлорун каттоо жөнүндө реестрдеги жазуу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) юридикалык жактар үчүн:
– органикалык өндүрүштүн операторунун толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы же фирмалык аталышы, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра уюштуруу, кайра каттоо жана ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, юридикалык дарегин, байланыш телефондорун жана электрондук почтасынын дарегин юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизген күнү;
2) жеке ишкерлер болуп саналган жеке жактар үчүн:
− салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), идентификациялык номери, жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген мамлекеттик каттоо номери жана датасы, жеке жакты жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, юридикалык дареги, байланыш телефондору жана электрондук почтасынын дареги;
3) органикалык өндүрүштүн, органикалык продукцияны кайра иштетүүнүн же сатуунун чыныгы дареги;
4) өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү же сатылуучу органикалык продукциянын түрлөрүнүн аталыштары;
5) органикалык өндүрүштүн (органикалык продукциянын) шайкештик сертификатынын каттоо номери;
6) органикалык өндүрүштүн (органикалык продукциянын) шайкештик сертификатын берүү, токтото туруу, жарактуулугун токтотуу датасы;
7) органикалык өндүрүштүн (органикалык продукциянын) шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтү;
8) ушул Жобонун 8, 9 жана 10-пункттарына ылайык операторлор тарабынан органикалык өндүрүштүн талаптарына шайкештигин ырастаган сертификаттоо боюнча орган, ошондой эле ушул Жобонун 9, 11 жана 14-пункттарына ылайык шайкештик сертификатын алуучулар (операторлор) жөнүндө маалымат;
9) органикалык өндүрүш жаатында иш жүргүзүү үчүн жарактуу деп таанылган жана пайдаланылган жер (жер тилкеси) жөнүндө маалыматтар, ага төмөнкүлөр кириши керек:
а) жер тилкесине болгон укукту тастыктаган документтер: менчик укугун тастыктаган күбөлүк, ижара келишими же жер участогуна болгон укукту тастыктаган башка документтер;
б) кадастрдык маалыматтар: жер тилкесинин жайгашкан жери, аянты жана чектери, анын ичинде кадастрдык номери жөнүндө маалыматтар;
в) топурактын агрохимиялык мүнөздөмөлөрү: органикалык өндүрүштүн талаптарына шайкештигин тастыктаган кыртыштын анализинин натыйжалары, анын ичинде тыюу салынган заттардын калдыктары менен булгануунун саны жана жоктугу;
г) жер тилкесин пайдалануу тарыхы: акыркы үч календардык жылда колдонулган жерди пайдалануунун мурунку ыкмалары, айыл чарба технологиялары, жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жөнүндө маалымат;
д) буфердик зоналар жөнүндө маалымат: органикалык участокту коңшу аймактардан мүмкүн болгон булгануудан коргоого арналган буфердик зоналардын болушу жана өлчөмү жөнүндө маалымат;
е) тилкенин органикалык өндүрүш үчүн жарактуулугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу (шайкештик сертификаттары же органикалык стандарттар боюнча алдын ала экспертизанын актылары (бар болсо).
15. Кепилдик катышуу системасынын (PGS) координациялык органы органикалык өндүрүштүн шайкештик сертификаты берилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык маалымат берет.
16. Кепилдик катышуу системасынын (PGS) органикалык өндүрүштүн локалдуу жергиликтүү топторун каттоо жөнүндө реестрдеги жазуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) кепилдик катышуу системасынын (PGS) координациялык органы жөнүндө маалымат: толук жана кыскартылган (бар болсо) аты, уюмдун мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жана юридикалык жактын жайгашкан жери, мамлекеттик каттоо номери, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра уюштуруу, кайра каттоо жана токтотуу жөнүндө маалыматтардын юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген датасы, ошондой эле башка маалыматтар, юридикалык жактар үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
2) органикалык өндүрүштүн локалдуу жергиликтүү топторунун толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы, органикалык өндүрүштүн локалдуу жергиликтүү тобунун катышуучуларынын (органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн, фермерлердин) курамы; алардын органикалык өндүрүш объекттери жана өндүрүлгөн органикалык продукциянын аталышы;
3) органикалык өндүрүштүн локалдуу жергиликтүү тобунун катышуучусунун (органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн, фермерлердин) аталышы:
–юридикалык жактар үчүн – негизги мамлекеттик каттоо номери жана юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жакты түзүү жөнүндө жазууларды киргизүү датасы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык дареги, байланыш телефондору жана юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги;
–жеке ишкерлер болуп саналган жеке жактар үчүн – өндүрүүчү (оператор) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген негизги мамлекеттик каттоо номери жана датасы, жеке жакты жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуулар, жеке жактын юридикалык дареги, байланыш телефондору жана электрондук почтасынын дареги;
4) органикалык өндүрүштүн, органикалык продукцияны кайра иштетүүнүн же сатуунун чыныгы дареги;
5) органикалык өндүрүштүн, органикалык продукцияны кайра иштетүүнүн же сатуунун чыныгы дареги;
6) органикалык өндүрүштүн (органикалык продукциянын) шайкештик сертификатынын каттоо номери;
7) органикалык өндүрүштүн (органикалык продукциянын) шайкештик сертификатын берүү, токтото туруу, жарактуулугун токтотуу датасы;
8) органикалык өндүрүштүн (органикалык продукциянын) шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтү;
17. Органикалык өндүрүш жаатында иш жүргүзүү үчүн жарактуу жана пайдаланылуучу деп таанылган жерлердин (жер участокторунун) маалымат базасынын реестриндеги жазуулар төмөнкүдөй маалыматтык маалыматтарды камтууга тийиш:
а) жер участогуна болгон укукту тастыктаган документтер: менчик укугун тастыктаган күбөлүк, ижара келишими же жер участогуна болгон укугун тастыктаган башка документтер;
б) кадастрдык маалыматтар: кадастрдык номерин кошкондо жер участогунун турган жери, аянты жана чектери жөнүндө маалыматтар;
в) топурактын агрохимиялык мүнөздөмөлөрү: органикалык өндүрүштүн талаптарына шайкештигин тастыктаган кыртыштын анализинин натыйжалары, анын ичинде тыюу салынган заттардын калдыктары менен булгануунун саны жана жоктугу;
г) жер тилкесин пайдалануу тарыхы: акыркы үч календардык жылда колдонулган жерди пайдалануунун мурунку ыкмалары, айыл чарба технологиялары, жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жөнүндө маалымат;
д) буфердик зоналар жөнүндө маалымат: органикалык участокту коңшу аймактардан мүмкүн болгон булгануудан коргоого арналган буфердик зоналардын бар экендиги жана өлчөмдөрү жөнүндө маалымат;
е) тилкенин органикалык өндүрүш үчүн жарактуулугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу (шайкештик сертификаттары же алдын ала экспертизанын актылары (эгерде бар болсо).
18. Ыйгарым укуктуу орган эсепке алуу субъекттеринен Реестрде жайгаштырылган маалыматтарга талдоо жүргүзүү, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн, ошондой эле Реестрде камтылган маалыматтардын актуалдуулугун жана толуктугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инфратүзүмдүн элементтери боюнча кошумча маалыматты суроого укуктуу.
19. Шайкештик сертификатынын жарактуулугу убактылуу токтотулган, кайра жаңыртылган, токтотулган учурда Реестрде:
1) шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото туруу, кайра жаңыртуу, токтотуу датасы;
2) шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун негиздери.
Шайкештик сертификатынын статусу өзгөргөндө, Реестрдеги жазуунун статусу өзгөрөт.
20. Органикалык өндүрүштүн операторлору, органикалык өндүрүштүн операторлорунун топтору, кепилдик катышуу системасынын (PGS) жергиликтүү органикалык өндүрүшүнүн топтору жөнүндө маалыматтар Реестрде шайкештик сертификатынын колдонулушу токтотулган (жокко чыгарылган) күндөн тартып эки жыл бою сакталат.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин маалыматтар реестрдин архивдик маалыматтар базасына көчүрүлөт.