Загрузка документа…
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 22/IV токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 9/II
“Дружба айылы, Фучик көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүң 2024-жылдын 09 декабрындагы №01-10/1191 2025-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга ”Дружба айылы, Фучик көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо” долбоору жактырылсын.
2. Айыл өкмөттүн башчысына Ысык-Ата аймактык финансы башкармалыгына үлүштүк (демилге берүүчү) грантты каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, долбоордук- сметага ылайык 50 пайыз 3 698 643,0 миң сомду (үч миллион алты жүз токсон сегиз миң алты жүз кырк үч) түзгөн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин салымы катары каржылоого кепилдик берилсин.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калырам.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |