Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-ноябры № 756

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Лицензиялоо жана салык салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 201-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

2292-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацында “эмгек келишиминин” деген сөздөр “келишимдин” деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев