Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 85/16-6
Токмок шаарынын мэринин резервдик фондунан Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө акча каражатын которууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы №01‑07/198 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 21‑ноябрындагы отурумунун №21 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын мэринин резервдик фондунда үнөмдөлгөн 895500 (сегиз жүз токсон беш миӊ беш жүз) сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованияларды Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө төмөнкү тартипте жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:
-Токмок шаарынын мэринин резервдик фондунан 28241100 “Резервдик фонддор” беренесинен Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн “ОМ” 2215 “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” беренесине.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |