Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 86/16-6
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы кириш №01-07/207 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы отурумунун №21 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №7/2-6 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |
| Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы №86/16-6 токтомуна тиркеме |
2026-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясынын курамы
Тынайбеков Максат Тынайбекович | -Токмок шаардык кеңешинин төрагасы, комиссиянын төрагасы; |
Ниязалиева Чолпон Джанышбековна | -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын каржы-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | |
Акаева Айжамал Кайыпаевна | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Инамбаев Тарамурза Дадамурзаевич | -“Биримдик” Коомдук Бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сыдыкова Чолпон Сахалинбековна | - “Ишкер” ассоциациясынын Чүй облусу боюнча куратору (макулдашуу боюнча); |
Кангельдиева Гульсана Искаковна | -“Тынчтык үйү” Коомдук Бирикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча); |
Жусупбекова Жанаркуль Жангазиевна | -“Green work” Коомдук Фондунун төрайымы (макулдашуу боюнча); |
Лавринович Ольга Викторовна | -“Корнелиус коому” Коомдук Фондунун төрайымы (макулдашуу боюнча); |
Колесникова Елена Владимировна | -Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коомунун Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн Токмок филиалынын мүдүрү (макулдашуу боюнча). |
Жооптуу катчынын у.м.а. | Ж.Т. Чечейбаев |