Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 токтомуна)
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык борборлоруна талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине (мындан ары – Санарип кодекси) ылайык иштелип чыккан жана маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик жана муниципалдык санариптик борборлорун (мындан ары – МИБ) түзүү, өнүктүрүү, эксплуатациялоо, модернизациялоо жана эксплуатациялоодон чыгаруу үчүн бирдиктүү стандарттарды белгилейт.
2. Ушул Талаптардын жоболорун мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык МИБдердин ээлери жана/же иштеп чыгуучулары болуп саналган 50 пайыздан ашык мамлекеттин катышуу үлүшү менен чарбакер субъекттер колдонууга милдеттүү.
3. Ушул Талаптардын жоболору Улуттук санариптик экосистеманын (мындан ары – Улуттук экосистема) курамына кирбеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү маалыматты камтыган санариптик маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик жана муниципалдык МИБдерге колдонулбайт.
4. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
масштабдуулук – объекттин (элементтин) иштелип чыгуучу маалыматтардын көлөмү жана (же) колдонуучулардын параллелдүү суроо-талаптарынын саны өзгөргөн сайын анын өндүрүмдүүлүгүн өзгөртүү жөндөмдүүлүгү, ал техникалык жана инженердик инфраструктурага модулдарды кошуу мүмкүнчүлүгүн карайт;
башка терминдер жана алардын аныктамалары Санарип кодексинде, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.