Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 87/16-6
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-августундагы №65/15-5 “Токмок шаарынын мэриясынын Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы №01 07/201 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21 ноябрындагы отурумунун №7 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-августундагы “Токмок шаарынын мэриясынын Жобосун бекитүү жөнүндө” №65/15-5 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жободо:
- 2.1. пункту төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы 16) пунктча менен толукталсын:
“16)кол алдындагы кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин жана кесиптик этиканын абалын үзгүлтүксүз контролдоо аркылуу жоопкерчилик тартат.”.
- 16) пунктча 17) пунктча деп эсептелсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |