Редакцияот 24.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 24-декабры № 820

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана тизмегин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев