Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 токтомуна)
Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун
инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптар
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун (мындан ары – МИБ) инфраструктурасына берилүүчү булуттук эсептөөлөргө талаптар (мындан ары – Талаптар) санариптик технологиялык системалардын түрлөрү катары анын жайылтуу моделине карабастан булуттук эсептөөлөрдү, булуттук сервистерди, булуттук инфраструктураны түзүү жана аларга жеткиликтүүлүктү берүү принциптерин жөнгө салат.
2. Бул Талаптардын жоболору мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ведомстволук органдары, уюмдары, мекемелери үчүн, анын ичинде Өкмөттүк булут – “G-Cloud” (мындан ары – Өкмөттүк булут) инфраструктурасында булуттук эсептөөлөрдү берүүдө милдеттүү болуп саналат.
3. Бул Талаптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган санариптик маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик жана муниципалдык МИБдердин инфраструктурасында берилүүчү булуттук эсептөөлөргө жайылтылбайт.
4. Бул Талаптарда төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
көчүрүлүү – санариптик ресурстарды булуттук инфраструктурадан же бир булуттук инфраструктурадан экинчисине көчүрүү мүмкүнчүлүгү;
маалыматтардын көчүрүлүшү – маалыматтарды бир системадан экинчи системага кайра киргизүү зарылчылыгы жок эле өткөрүп берүү жөндөмдүүлүгү;
булут мүмкүнчүлүктөрүнүн тиби – булуттук эсептөөлөрдүн болгон жана колдонулган ресурстарынын негизинде колдонуучуга берилген функционал;
булуттук эсептөөлөр – тармактык жеткиликтүүлүк аркылуу масштабдалуучу жана ийкемдүү конфигурациялануучу жалпы физикалык же виртуалдык ресурстардын (булуттук сервистердин) мейкиндигин пайдалануу;
булуттук эсептөөлөрдү жайылтуу модели – физикалык же виртуалдык ресурстарды башкарууга жана биргелешип пайдаланууга негизделген булуттук эсептөөлөрдү уюштуруу ыкмасы;