Редакцияот 28.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-ноябры № 88/16-6

Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Кыргыз көчөсү, н.ж. дарегиндеги, идентификациялык коду 7100700430826 болгон, жалпы аянты 5560 ч.м. жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй областык башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнө акысыз негизде, мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы кириш №01-07/205 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 21-ноябрындагы отурумунун №19 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Кыргыз көчөсү, н.ж. дарегиндеги, идентификациялык коду 7100700430826 болгон, жалпы аянты 5560 ч.м. жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй областык башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнө акысыз негизде, мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Т.Тынайбеков