Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-декабры № 851
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун “з” пунктчасына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
“
131 | Жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр | ЖАМА |
|
”;
–18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
18 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын пробалоодон жана эн тамгасын басуудан түшүүлөр | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын сыноо жана эн салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | 2025-жылдын 29-сентябрынан тартып колдонууга киргизилди |
”;
19-пунктта “ЖСКК СРК” деген сөздөр “САЧКӨМ, ЖСКК, СРК” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 63–70-пункттар менен толукталсын:
“
63 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 731 “Архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрин бекитүү жөнүндө”токтому менен бекитилген Архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрине ылайык түшүүчү каражаттар | Курулуш министрлиги | 2025-жылдын 1-декабрынан тартып колдонууга киргизилди |
64 | Айыл чарбасында сууну эсепке алуу системаларын автоматташтырууну жана санариптештирүүнү киргизүү, тейлөө жана техникалык колдоо | КИИИИ |
|
65 | Кыргыз Республикасында сугат жерлери шарттарында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун сугат ченемдерин эсептөө | КИИИИ |
|
66 | Түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) ылайык продукцияны кабыл алуу боюнча аткарылган иштер үчүн алынуучу каражаттар | КМ |
|
67 | Автотранспорт каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
68 | Автотранспорт каражаттары үчүн энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
69 | Автотранспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаттарды берүүдөн алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
70 | Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
”;
кыскартуулардын тизмесинде:
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ТКАККМБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор”; |
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“ЖАМА | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги;
|
КИИИИ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту”. |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |