Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 820 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын ТИЗМЕГИ
1. Укук бузуучуларга психофизиологиялык таасир этүү жана укук бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) убактылуу алсыратуу үчүн сокку уруп шок кылуучу резина таяктар жана электрошок кылуучу атайын таяктар.
2. Укукка каршы же кооптуу аракеттерди чектөө үчүн укук бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) байлоого (жылдырбай салуу) үчүн кол кишендери жана байлоого ылайык колдо бар каражаттар.
3. Өлүмгө алып келбөөчү (уруп шок кылуучу, көздөн жаш агызуучу, түтүн, жарык, акустикалык) жана имитациялык таасир көрсөтүүчү ок атуучу курал жана жакындан салгылашуу каражаттары (тапанчалар, мылтыктар, автоматтар, гранатомёттор, гранаталар ж.б.) жана аларга ок-дарылар, ошондой эле укук бузуучуларга психофизиологиялык таасир этүү (алагды кылуу жана айласын кетирүү) жана укук бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) убактылуу алсыратуу үчүн өлүмгө алып келбеген жана имитациялык таасир көрсөтүүчү куралга, штаттык куралга ок-дарылар.
4. Атайын радио байланыш жана видео байкоо комплекстери (алып жүрмө станциялар, мобилдик комплекстер, атайын системалар), анын ичинде башкарууну, жетектөөнү камсыз кылуу үчүн, ошондой эле укук бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) кармоо жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча ыкчам-күжүрмөн иш-чараларды жана атайын терроризмге каршы операцияларды жүргүзүү учурунда өз ара аракеттенген кызматкерлердин (бөлүкчөлөрдүн) ортосунда видео жана үн маалыматтарын берүү жолу менен байланышты сактоону камсыз кылуу үчүн көчмө байланыш системаларынын мониторингдик комплекстери.
5. Атуучу курал үчүн оптикалык, оптикалык-электрондук комплекстер жана каражаттар, ошондой эле кылмыштуу элементтерди, анын ичинде күндүзгү, түнкү, толук караңгы шарттарда жана аба ырайынын татаал шартында имараттардын жайларында, транспорт каражаттарында (автомобилдерде, темир жол вагондорунда, самолёттордо, вертолёттордо) жана жергиликтүү аймакта жазгырылгандарды визуалдык издөө, табуу жана жашыруун байкоо жүргүзүү үчүн оптикалык, оптикалык-электрондук комплекстер жана жергиликтүү аймакты чалгындоо каражаттары.
6. Жеке жана жамааттык брондолгон коргонуучу каражаттары (алып жүрмө бронещиттер, бронежилеттер, брондолгон шлемдер, чабуул коюуда коргонуучу кийимдер, брондолгон техника), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда, ыкчам-күжүрмөн, оперативдүү-күзөт иш-чараларын аткарууда жана куралдуу укук бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) кармоо жана барымтага алынгандарды имараттардан, авиациялык, темир жол жана автоунаа каражаттарынан жана жергиликтүү аймактан бошотуу боюнча атайын чабуул коюучу операцияларды жүргүзүү учурунда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын өмүрүн жеке жана жамааттык коргоо үчүн көрүү, дем алуу органдарын жана терисин коргоонун жеке каражаттары.
7. Ыкчам-техникалык, ыкчам-күжүрмөн иш-чаралардын, ошондой эле атайын терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө жардыргыч заттарды жана жардыруучу каражаттарды кол менен жана аралыктан издөө, табуу (аныктоо), куралсыздандыруу, зыянсыздандыруу, алдын ала изилдөө жана идентификациялоо, жарылуучу кооптуу түзүлүштөрдү жана заттарды коопсуз сактоо, ташуу, жок кылуу (бузуу) үчүн жардыргыч заттарды табуунун жана зыянсыздандыруунун комплекстери жана каражаттары, кол менен, мобилдик жана стационардык металл издегичтер.
8. Табигый жана инженердик тосмолорду (тоскоолдуктар, үстүнкү дүрмөттөр, шатылар, тепкичтер, жардыргыч түзүлүштөрдүн кермелерин алып салуу үчүн түзүлүштөр, транспортторду мажбурлап токтотуу каражаттары ж.б.) өтүү үчүн инструменттер жана каражаттар.
9. Куралдуу укук бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) кармоо жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча ыкчам-күжүрмөн иш-чаралардын жана атайын операциялардын жүрүшүндө жайларды, эшиктерин ачуу үчүн, транспорт каражаттарынын (автомобилдердин, темир жол вагондорунун) айнек терезелерин, ошондой эле айнек орнотулган оюктары бар башка объекттерди талкалоо үчүн түзүлүштөр, инструменттер.
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда, кылмыштуу жана террористтик иштердин объекттерин издөө жана кармоо, жардыргыч заттарды жана баңги каражаттарды табуу, объекттерди күзөткө алуу, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин өздүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жана башка милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөлөрүнүн, өздүк курамынын кызматтык-күжүрмөн, ыкчам ишиндеги мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн кызматтык (тинтүүчү, издөөчү, мина издөөчү, атайын, күзөтчү жана кароолдук) иттер.
11. Дегазациялоо, дезактивациялоо, дезинфекциялоо, радиациялык, химиялык чалгындоо жана радиоактивдүү нурданууну контролдоо каражаттары.
12. Самолёт жана мультикоптердик типтеги (сокку уруучу, чалгындоочу жана транспорттук) учкучсуз аба кемеси (УАК). Радиоэлектрондук күрөшүү каражаттары (РЭК) (дронго каршы мылтыктар, навигация системаларын басаңдаткычтар ж.б.). Аба мейкиндигине пассивдүү байкоо жүргүзүүчү портативдик жана стационардык радарлар.
13. Транспорт каражаттарын текшерип кароо үчүн техникалык каражаттар (эндоскоптор, щуптар, автомобилдин салонун каптоочту чечүү үчүн инструменттердин комплекти).
14. Рентген-телевизиондук орнотмолор (кол жүктү жана багажды текшерип кароо үчүн рентген-телевизиондук интроскоптор, транспорт каражаттарын текшерип кароо үчүн кол менен, мобилдик, жана стационардык инспекциялык текшерип кароо комплекстери).