Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 27- ноябры № 686
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемесинде:
- 2-главанын 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи, сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо;
- баалуу металлдар жана асыл таштар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;";
- 3-главада:
1-пунктчанын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кадастрдык баалоо, геодезия жана картография;";
- 4-главада:
1-пунктчанын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каттоо саясаты жана архив иши, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо;";
3-пунктчада "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 2-тиркемесинде:
- 2-главада:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи, тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (бажы чөйрөсүндө укук коргоо иши маселелеринен тышкары);";
- 3-главада:
сегизинчи, онунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын (мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу жана кредит берүү бөлүгүндө);";
- 4-главада:
төртүнчү, сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын (калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүгүндө, автомототранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүгүндө);";
- 5-главанын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо иши бөлүгүндө);".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |