Загрузка документа…
|
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 820 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган милдеттерди аткарууда атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин белгилейт.
2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) куралдануусуна алынган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмегине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын өздүк коопсуздугун камсыздоодо объектке өлүмгө алып келбеген таасир көрсөтүү максатында колдонуу үчүн багытталган жана иштелип чыккан каражаттар атайын каражаттар болуп эсептелет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары (мындан ары - аскер кызматчылары) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин негизинде атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.
4. Атайын каражаттар аскер кызматчылары тарабынан командирлердин (башчылардын) же улук чек ара кезметтеринин чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын өздүк коопсуздугун камсыздоодо өз алдынча колдонулат.
5. Атайын каражаттын түрү жана аны колдонуунун интенсивдүүлүгү түзүлгөн кырдаалды, укук бузуунун мүнөзүн жана укук бузуучунун ким экендигин эске алуу менен аскер кызматчылары тарабынан аныкталат.
6. Атайын каражаттарды колдонууда аскер кызматчылары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- атайын каражаттарды колдонууну кечиктирүү аскер кызматчыларынын, кызматкерлердин жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудуруп, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон же түзүлгөн кырдаалда эскертүү орунсуз же мүмкүн болбогон учурлардан тышкары, аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө, мында талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берилет;
- келтириле турган кандай болбосун зыяндын азыраак болушуна аракеттенүүгө;
- дене боюнан жаракат алган адамдарга врачка чейинки жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга;
- атайын каражаттарды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө түздөн-түз башчысына (командирине) билдирүүгө;
- атайын каражаттарды пайдаланууда коопсуздук чараларын сактоого.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары прокуратура органдарына, ал эми чет өлкөлүк жарандарга карата - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аскер кызматчыларынын адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүгө же өлүмгө алып келген атайын каражаттарды колдонуусунун ар бир учуру жөнүндө токтоосуз (бир суткадан кечиктирбестен) билдирет.
8. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата, алар тарабынан куралдуу же тобу менен кол салуу учурларын кошпогондо, атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
9. Атайын каражаттардын айрым түрлөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү:
1) желим таяктар: башка, моюнга жана акырекке, ичине, жыныс органдарына урууга тыюу салынат;
2) кол кишендери: кармалган адамдарды коштоодо кулпулардын бекитилген абалын мезгил-мезгили менен (эки саатта бирден кем эмес жолу) текшерүү талап кылынат;
3) көздөн жаш агызуучу заттар: укук бузуучуларды мээлеп атууга, бул заттар таасир этип турган мезгилде жабырланган зонанын чегинде кайра колдонууга тыюу салынат;
4) көздөн жаш агызуучу аэрозоль заттары: бул заттар таасир этип турган мезгилде жабырланган зонанын чегинде кайра колдонууга тыюу салынат;
5) электрошок таасири бар приборлор: жашоо үчүн маанилүү органдардын (баш, моюн, жүрөк) тушуна колдонууга, алар таасир этип турган мезгилде кайра колдонууга жана суу чөйрөсүндө болгон адамдарга карата колдонууга болбойт;
6) алаксытуучу таасири бар үн, жарык чыгаруучу каражаттар: адамдардан эки метрге алыс аралыкта колдонулат, газ чыккан жайларда жана тез тутануучу материалдардын жанында колдонууга тыюу салынат;
7) автотранспортту мажбурлап токтотуу каражаттары: жүргүнчүлөрү бар жалпы пайдалануудагы автотранспортко, дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө таандык транспортко, мотоциклдерге, мотоколяскаларга, мотороллерлерге, мопеддерге карата, ошондой эле тоо жолунда же көрүнүүсү чектелген жол тилкелеринде, темир жол кесилиштеринде, көпүрөлөрдө, өткөөлдөрдө, эстакадаларда, туннелдерде колдонууга тыюу салынат;
8) жарандарга кандайдыр бир жеке маалыматтарды алуу же кызматтык милдеттерди аткаруу менен байланышпаган башка максаттарда байкоо жүргүзүү максатында дрондорду (УУА) колдонууга тыюу салынат.
10. Зарыл коргонуу абалында же өтө зарыл болгон учурда атайын каражаттар жок болгондо аскер кызматчылары аталган максаттарда колдо болгон каражаттарды, башкача айтканда зарыл коргонуу же өтө зарыл учурда кандай болбосун предметтерди жана каражаттарды (байлоо, жылдырбай салуу, укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу үчүн) колдонууга укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер кызматчыларынын арасында атайын каражаттарды колдонууда коопсуздук чараларын жана мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылуу боюнча иш жүргүзөт.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары ушул Тартипти жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү ченемдерин бузгандыгы үчүн келип чыккан кесепеттердин оордугуна жараша тартиптик, кылмыш же материалдык жоопкерчилик тартат.