Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-декабры № 763
Бишкек шаарында “долбоордук кум коргон” режиминде акы төлөнүүчү чыгыш айланма жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарында “долбоордук кум коргон” режиминде акы төлөнүүчү чыгыш айланма жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары – МЖӨ долбоору) ишке ашыруу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөштөр болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы аянты 79,8 га болгон ылайыктуу жер тилкелерин издеп тапсын, зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн жер тилкелерин которууну (трансформациялоону) жүргүзсүн;
2) ушул пункттан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
1) долбоордук жолдун тиешелүү тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин археологиялык изилдөөгө;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн МЖӨ долбоорун ишке ашырууда зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүүгө;
3) долбоордук жолду курулушун инерттик материалдар менен камсыз кылуу үчүн карьерлерди бөлүп берүүгө;
4) ушул пункттан келип чыгуучу башка чараларды жүзөгө ашырууга.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 2-декабрындагы № 95 (3752) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |