ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 28-ноябры № 91/16-6
“Токмок шаарынын №12 орто мектебинин канализациясын капиталдык оңдоо” долбоорун кошо каржылоо жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 27-ноябрындагы кириш №01 07/209 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-ноябрындагы отурумунун №22 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын №12 орто мектебинин канализациясын капиталдык оңдоо” долбоорун кошо каржылоо боюнча чыгашалар суммасын Токмок шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” 701 бөлүмүнүн (Токмок шаарынын мэриясы) “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 1 480 700 (бир миллион төрт жүз сексен миң жети жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |