Редакцияот 28.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-ноябры № 96/16-6

“Токмок шаарынын №13 орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун кошо каржылоо жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 27-ноябрындагы кириш №01 07/209 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-ноябрындагы отурумунун №22 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Токмок шаарынын №13 орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун кошо каржылоо боюнча чыгашалар суммасын Токмок шаарынын 2026 жылдын бюджетинин долбооруна “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” 701 бөлүмүнүн (Токмок шаарынын мэриясы) “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 2 619 862 (эки миллион алты жүз он тогуз миң сегиз жүз алтымыш эки) сом өлчөмүндө акча каражатын киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Т. Тынайбеков