Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 27-февралы № 219
Адам каза болгон учурду аныктоонун, реанимациялык иш-чараларды токтотуунун критерийлери жана тартиби
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесинин 11-пунктунун 18-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" жобонун 11-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Адам каза болгон учурду аныктоонун тартиби, критерийлери жанареанимациялык иш-чараларды токтотуу шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги:
1) буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын расмий маалымат булактары жөнүндө” Токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жөнөтсүн;
3) буйрук күчүнө киргенден тартып үч жумушчу күндө ичинде буйруктун көчүрмөсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө маалымат иретинде;
- талаптарды так сактоо жана аткаруу үчүн саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтсүн.
3. Саламаттыксактоо уюмдарынын жетекчилери бул буйруктун талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Министр |
| Д.А. Осмонов |