Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын
бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруунун жалпы шарттары
3-глава. Аукционду өткөрүүнүн шарттары жана процесси
4-глава. Жайгаштыруу жөнүндө келишимди түзүүнүн шарттары
5-глава. Жайгаштыруу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү
6-глава. Талаш-тартыштарды чечүү
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан коммерциялык банктарга жайгаштыруунун жолжоболорун жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) бирдиктүү казыналык эсеп – Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттары топтолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын операциялары чагылдырылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсеби;
2) депозит – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилүү мөөнөткө коммерциялык банктарга жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы;
3) жайгаштыруу жөнүндө келишим – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен коммерциялык банктын ортосундагы депозиттердин суммаларын жайгаштыруу шарттарын аныктаган келишим.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу бюджеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.
4. Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттардын минималдуу өлчөмү коммерциялык банктарга жайгаштырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча бир айлык эмгек акы төлөө фондунун көлөмүнөн кем эмес суммада белгиленет.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ликвиддүүлүктү жана өлкөнүн валюта рыногуна мүмкүн болгон таасирди болжолдоо жана башкаруу боюнча тактикалык кадамдарды түзүү максатында, конкреттүү жайгаштыруу көлөмдөрүн көрсөтүү менен коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын алдыдагы жайгаштыруу жөнүндө Улуттук банкка кабарлайт.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эсептеринде болгон Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин чет өлкөлүк валюталардагы убактылуу бош каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коммерциялык банктарга ушул Тартипте каралган тартипте жана шарттарда жайгаштырылат.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган пайыздык кирешелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсептеги атайын эсебине которулууга тийиш.
2-глава. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын
бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык
банктардын депозиттерине жайгаштыруунун жалпы шарттары
8. Коммерциялык банктардын арасында Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу боюнча аукцион ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасынын негизинде “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун (мындан ары – “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК) платформасында өткөрүлөт.
9. Жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтаруу шарттары жайгаштыруу жөнүндө келишим менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары мөөнөтүнөн мурда кайтарылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кабарлайт.
10. Жайгаштырууга катышууга Кыргыз Республикасынын аймагында катталган коммерциялык банктарга гана төмөнкү минималдуу талаптар сакталган учурда жол берилет:
1) банк ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жарактуу лицензиясынын болушу;
2) акыркы эки жылдын ичинде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иш жүргүзүү;
3) тышкы аудитордун акыркы отчеттук жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин ырастаган эскертүүсүз корутундусунун болушу;
4) салыктар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздардын жоктугу;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында, ошондой эле башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында мөөнөтү өткөн кредиттик карыздын жоктугу;
6) убактылуу администрациялоонун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук талаш-тартыштардын жоктугу.
11. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ачык аукцион өткөрүү, анын алкагында коммерциялык банктар каалаган сумманы жана пайыздык ставканы көрсөтүү менен өтүнмөлөрдү берет;
2) аукциондо жеңген коммерциялык банк менен эки тараптуу келишим түзүү.
12. Депозиттик операциялардын минималдуу параметрлери:
1) валюта – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталуучу улуттук же чет өлкөлүк валюта;
2) депозиттин мөөнөтү 1 айдан 12 айга чейин, бирок календардык (бюджеттик) жыл аяктаган мөөнөттөн ашык эмес;
3) пайыздарды эсептөө формасы – жөнөкөй пайыздар;
4) пайыздык кирешени төлөө ай сайын, ал эми 1 айга чейинки мөөнөткө депозиттер үчүн – депозиттин мөөнөтүнүн аягында жүргүзүлөт;
5) жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары боюнча пайыздык кирешени эсептөө белгиленген пайыздык ставкага, жайгаштырылган күндөрдүн иш жүзүндөгү санына жана бир жылдагы күндөрдүн календардык санына (365/366 күн) жараша жүзөгө ашырылат;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча депозиттин суммасын (суммасынын бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда кайтаруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
3-глава. Аукционду өткөрүүнүн шарттары жана процесси
13. Аукционго катышууну каалаган банктар “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын платформасы аркылуу төмөнкү документтерди тиркөө менен ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө өтүнмө берет:
1) банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы;
2) акыркы эки жыл үчүн финансылык отчеттор;
3) акыркы отчеттук жыл үчүн тышкы аудитордун корутундусу;
4) салыктар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздардын жоктугу жөнүндө документтер (маалыматтар же башка ырастоочу документтер);
5) ага карата Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган убактылуу администрациялоо жана түздөн-түз банктык көзөмөл режимдеринин жоктугу жөнүндө банктын жазуу жүзүндөгү ырастоосу;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында соттук талаш-тартыштардын жана мөөнөтү өткөн кредиттик карыздардын жоктугу жөнүндө банктын жазуу жүзүндөгү ырастоосу.
Банктар өтүнмөнүн туура толтурулушу, ошондой эле берилген документтердин аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
14. Ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык документтерди тапшырган жана ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген банктарга аукционго катышууга жол берилет. Аукцион “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырууга аукцион өткөрүү боюнча эрежелерине ылайык өткөрүлөт.
15. Аукцион бир нече лоттордон турат, алардын ар бири өзүнчө жайгаштыруу суммасын, жайгаштыруу мөөнөтүн, депозит боюнча пайыздык ставканын старттык өлчөмүн (жылдык %) камтыйт.
16. Аукциондун конкреттүү лоту боюнча жеңүүчү банкты аныктоонун критерийи катышуучу банк тарабынан сунушталган эң жогорку ставка болуп саналат. Катышуучу банктар тарабынан бирдей пайыздык ставкалар сунушталган учурда, лоттун суммасы ошол банктардын ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Банктардын бири сунушталган пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн суммадан баш тарткан учурда, лоттун толук суммасы аукционду утуп алган башка банкка өткөрүлүп берилет.
17. Жайгаштырылуучу каражаттарды диверсификациялоо жана тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында чектөө белгиленет, анда бир коммерциялык банкта жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын суммасы жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондун жыйынтыгын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы кат менен ырастайт.
4-глава. Жайгаштыруу жөнүндө келишимди түзүүнүн
шарттары
19. Аукциондун жыйынтыгы ырасталгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен аукционду утуп алган банктын ортосунда ушул Тартипке ылайык жайгаштыруу жөнүндө келишимге кол коюлат.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жайгаштыруу жөнүндө келишимдин негизинде келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө тандалган коммерциялык банкта ачылган депозиттик эсепке каражаттарды которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банкка жайгаштырат.
5-глава. Жайгаштыруу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү
21. Жайгаштыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен коммерциялык банктын ортосунда жайгаштыруу жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.
22. Коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгашалар (эсептерди ачуу жана жүргүзүү, ички жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.) коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен жабылат.
23. Жайгаштыруу мөөнөтү аяктаган датада коммерциялык банк жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын негизги суммасын бирдиктүү казыналык эсепке, пайыздарды – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине өз убагында жана толук көлөмдө которот.
24. Депозиттин мөөнөтү аяктагандан кийин жайгаштыруунун негизги суммасы жана пайыздар депозиттин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийинки жумуш күндүн аягына чейин эсепке киргизилүүгө тийиш.
25. Жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары коммерциялык банк тарабынан өз убагында кайтарылбаган учурда, жайгаштыруу жөнүндө келишимде аныкталган ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан туум төлөнөт.
26. Коммерциялык банк тарабынан ушул Тартиптин 25, 26-пункттары аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот органдарына коммерциялык банктын эсептерине милдеттенмелерге өлчөмдөш суммага камак салуу жөнүндө арыз менен кайрылат.
6-глава. Талаш-тартыштарды чечүү
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен коммерциялык банктардын ортосунда жайгаштыруу жана суммаларды төлөө шарттары боюнча келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
28. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктардагы айрым эсептерге жайгаштыруу боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
| Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын
бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын банктык
депозитке жайгаштыруу максатында коммерциялык банктардын
аукциондоруна катышууга
өтүнмө
Аукционду өткөрүү датасы 20____-жылдын “_____”________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________, (банктын толук аталышы) ____________________________________________________________ атынан______________________________________________________ (кызматынын аталышы, аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын банктык депозитке жайгаштыруу максатында аукционго төмөнкү шарттарда катышуу ниети жөнүндө билдирет: | |||||||
Аталышы | Депозиттин суммасы (сом) | Депозитти жайгаштыруу мөөнөтү (ай) | Депозит боюнча пайыздык ставканын старттык өлчөмү (жылдык %) | Коммерциялык банктын ставкасы (жылдык %) | |||
№ 1 лот |
|
|
|
| |||
№ 2 лот |
|
|
|
| |||
№ 3 лот |
|
|
|
| |||
№ 4 лот |
|
|
|
| |||
… |
|
|
|
| |||
Бардыгы |
|
|
|
| |||
Биз Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга макулдугубузду билдиребиз. Муну менен, биз ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (банктын аталышы) төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келе тургандыгын ырастайбыз: 1) банк ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жарактуу лицензиясынын болушу; 2) акыркы эки жылдын ичинде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иш жүргүзүү; 3) тышкы аудитордун акыркы отчеттук жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин ырастаган эскертүүсүз корутундусунун болушу; 4) салыктар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздардын жоктугу; 5) убактылуу администрациялоонун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук талаш-тартыштардын жоктугу; 6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында, ошондой эле башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында мөөнөтү өткөн кредиттик карыздын жоктугу (банктын каты); 7) депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык коммерциялык банктын депозиттерди коргоо системасына катышуусу. Тийиштүү документтер __________баракта тиркелет. Уюштуруу мүнөздөгү жана өз ара аракеттенүү маселелери боюнча бизге ыкчам кабарлоо максатында биз тарабынан ыйгарым укук берилгенин билдиребиз: ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (кызматкердин кызмат орду, аты-жөнү, телефону жана башка байланыш каражаттары)
Аукцион өткөрүүгө жана андан аркы кызматташууга тиешелүү бардык маалыматтарды ыйгарым укуктуу адамга билдирүүнү өтүнөбүз. Юридикалык дареги, телефону, факсы, e-mail: Банктык реквизиттер: Бул өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык маалыматты Интернет маалымат тармагындагы төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот: ____________________________________________________________ (банк жөнүндө расмий маалымат жайгаштырылган сайттар көрсөтүлөт)
М.О. | |||||||
| Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибине 2-тиркеме |
Аукциондун көлөмүн ырастоо
“Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК
| ||||||
Ушуну менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын аянтчасында 20___-жылдын “____”_________ өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжаларды таанылган (ырасталган) деп эсептөөнү билдирет: | ||||||
Аукциондук лоттун каттоо номери | Көрсөтүлгөн көлөм (сом) | Бекитилген көлөм (сом) | Эскертүү | |||
|
|
|
| |||
|
|
|
| |||
Бардыгы |
|
|
| |||
202___-жылдын “___”_________ өткөн аукционго коюлган жана коммерциялык банктардын депозиттеринде жайгаштырылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын жалпы көлөмү __________________сом суммасында жарыяланган каражаттардын баштапкы жалпы көлөмүндө_______________ сом деп эсептелсин.
| ||||||