Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-декабры № 774
Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 16-статьяларына, "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 11-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жана Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби 1, 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |