Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 334 буйругуна тиркеме |
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 9-пункту. |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Майыптуулук тобу жок, бирок дарыгердин жолдомосу боюнча протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж болгон жеке жактар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 76 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Протездик-ортопедиялык буюмдарды (колдун, буттун протездери, ортопедиялык бут кийим, бандаж, корсет, лангет, реклинатор, ортопедиялык батектер, Виленский шинасы, Цито шинасы, балдактар жана таяктар) берүү. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, имаратта күтүү жайлары, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон бар жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон учурда, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча майыптуулугу бар адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган майыптуулугу бар адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8.00 дөн 16.00 гө чейин жүргүзүлөт. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин, дем алыш жана майрам күндөрү керектөөчү кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү кийинки жумуш күнү менен жүзөгө ашырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана арыз берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашпайт. Арызды кароо мөөнөтү (кызмат көрсөтүүдө же кызмат көрсөтүүдөн баш тартууда) - 10 мүнөттөн ашпайт. Даярдоо мөөнөтү: - протездик-ортопедиялык буюмдар - 30 жумуш күнгө чейин; - корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер, Виленский жана Цито шиналары - 10 жумуш күнгө чейин; - протездик-ортопедиялык буюмдарды куюлган кеби боюнча даярдоодо - 35 жумуш күнгө чейин; - зарыл болгон учурда кошумча өлчөө үчүн - 15 жумуш күнгө чейин. Акыркы жыйынтыкты берүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт (төлөнгөндүгү тууралуу квитанциясын берүүнүн негизинде). Кызмат көрсөтүүгө жалпы убакыт - 35 күндөн ашпайт. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РПОБМге жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө жана РПОБМде маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө жайылтылат: - ЖМКларда (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mlsp.kg; - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин такталарында, сайттарында жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РПОБМде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген таанытмалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (МА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосун; - паспортун (пенсиялык күбөлүгүн, 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн); - иштеген жеринен маалымкатты (иштеген майыптыгы бар адамдар экинчи протез алуу үчүн). |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РПОБМ маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү керектөөчүнүн мекемеге келишин талап кылат. Консультациялык жардам portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, консультациялык жардам көрсөтүү бөлүгүндө электрондук формат аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: консультациялык жардам алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталда каттоодон өтүшү керек. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунда каралган керектөөчүлөрдүн катарына кирбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн фамилиясын, атасынын атын, атын, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш. |