Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 789
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 “Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-ноябрындагы № 642 “Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-сентябрындагы № 504 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 “Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 134 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы № 3 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 239 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1, 2-пункттары;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун алтынчы, тогузунчу жана он тогузунчу абзацтары.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |