Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 18-декабрындагы № 11/II

 

“Жаштар Ордосунун имаратынын чатырын капиталдык оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө

(Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-декабры № 18/II токтомунун редакциясына ылайык)

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүң 2024-жылдын 09 декабрындагы №01-10/1191 2025-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,

 

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2025-жылга “Жаштар Ордосунун имаратынын чатырын капиталдык оңдоо” долбоору жактырылсын.

2. Айыл өкмөттүн башчысына Ысык-Ата аймактык финансы башкармалыгына долбоорду каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, долбоордук- сметага ылайык 50 пайыз 1 310 223,0 миң сом (бир миллион үч жүз он миң эки жүз жыйырма үч) түзгөн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин салымы катары каржылоого кепилдик берилсин.

(Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-декабры № 18/II токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Т.А.Минбаев