Редакцияот 10.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-декабры № 796

 

 

Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө

 

 

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыялаган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев