Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1164-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фондунун ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасы боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун аткарылышына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын “29”декабры № 1164-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фондунун ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасы боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фондунун ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасы боюнча кредиттик макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 11, 12 жана 14-пункттарына ылайык Макулдашуу милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 824-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууга 2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кол коюлган.
“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасынын максаты Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын айылдарындагы суу менен камсыздоо системасын жана санитарияны жакшыртууну камсыз кылуу болуп саналат, ошондой эле андан ары санитарияны өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү жана республикада суу секторун өнүктүрүүгө оң таасир этүүнү карайт.
“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасын ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары төмөнкүлөр тарабынан берилет:
- көп тараптуу донордук траст фондунун администратору катары иш алып барган Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы;
- Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча агенттик;
- Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы;
- Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фонду.
Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фонду тарабынан 20,0 млн АКШ доллары суммасында кредиттик каражаттар 20 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинде 5 жыл жеңилдетилген мезгил (жылдык 1,25 % пайыздык ставка жана резервге коюу үчүн 0,5 % өлчөмүндө комиссия менен). Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс, финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.