Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 796 токтомуна) |
Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) ишин жөнгө салат. Типтүү устав ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт. Ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
2. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
Ушул Типтүү устав кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары тарабынан уставды иштеп чыгууда жана бекитүүдө үлгү катары колдонулушу мүмкүн.
3. Билим берүү уюму өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын, уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимдерин, ошондой эле ушул Типтүү уставды жетекчиликке алат.
4. Билим берүү уюму жалпы билим берүү, кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын, ошондой эле илимий-изилдөө жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырат.
5. Билим берүү уюмунун аталышы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- билим берүү уюмунун мамлекеттик тилдеги толук аталышын:
____________________________________________________________,
- билим берүү уюмунун мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышын:
_____________________________________________________________;
- билим берүү уюмунун расмий тилдеги толук аталышын:
_____________________________________________________________;
- билим берүү уюмунун расмий тилдеги кыскартылган аталышын:
_____________________________________________________________.
6. Билим берүү уюмунун юридикалык дареги: _______________________
______________________________________________________________.
7. Билим берүү уюмунун уюштуруучусу (уюштуруучулары) ____________
______________________________________________________________.
8. Юридикалык жак статусуна ээ билим берүү уюмунун өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн банктык жана кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы алыш-бериш эсептери бар, ошондой эле:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы менен мөөрү бар;
- өзүнүн атрибутикасына жана анын тарыхын чагылдырган символикасына укукка ээ, өзүнүн логотибин пайдаланат;
- ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мамлекеттик менчиктин базасында өз функцияларын жүзөгө ашырат;
- юридикалык жактар укугунда иштеген анын бардык бөлүмдөрүн кошкондо, бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иштейт.
2-глава. Билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
9. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана анын уставына ылайык билим берүү жана башка ишти колдоо жана өнүктүрүү үчүн билим берүү, административдик, финансылык-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашыруу, башкаруу, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелеринде башкаруу чечимдерин кабыл алуу, бюджеттик жана атайын каражаттарды тескөө укугуна ээ.
Билим берүү уюму баалоо системасын, билим берүү процессинин методикаларын жана билим берүү технологияларын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын өз алдынча тандайт.
10. Билим берүү процессин уюштурууда билим берүү уюму окутуу каражаты катары эки же андан ашык тилди пайдалана алат.
11. Билим берүү уюму юридикалык жактын же филиалдын статусу менен түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө, аларга обочолонгон мүлк берүүгө укуктуу. Түзүмдүк бөлүмдөр филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укуктуу эмес.
12. Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү программаларынын алкагында бир багыт же адистик боюнча студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кайталанган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
13. Билим берүү уюмунда саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат. Билим берүү уюмунда билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин арасында саясий жана диний пропаганда жана үгүттөө жүргүзүүгө жол берилбейт.
14. Билим берүү уюму окутуунун гибриддик методун колдонууга укуктуу, мында педагог менен билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу окутуунун салттуу методу онлайн-окутуу методу менен айкалыштырылат.
15. Билим берүү уюму дуалдык окутууну колдонууга укуктуу, мында окутуу билим алуучулардын зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алуусу аркылуу жүзөгө ашырылат, алардын теориялык бөлүгү билим берүү уюмунда, практикалык бөлүгү - билим алуучунун жумуш ордунда жүзөгө ашырылат.
16. Билим берүү уюму билим берүү ишин билим берүүнүн эки же андан көп деңгээлиндеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу комплекстүү билим берүү уюму катары жүргүзүүгө укуктуу.
17. Билим берүү уюму коомдук уюмдарды жана бирикмелерди (бирликтерди, академияларды, кесиптик ассоциацияларды, окуу-методикалык бирикмелерди, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештерди жана уюмдарды), окуу-өндүрүштүк жана инновациялык бөлүмдөрдү түзө алат.
18. Билим берүү уюму билим берүү уюму жана анын иши жөнүндө маалыматтарды камтыган ачык жана жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурстарды түзөт.
3-глава. Билим берүү уюмунун түзүмү
19. Юридикалык жак статусуна ээ бөлүмдөр өздөрүнүн уставдарынын жана жоболорунун негизинде иштейт, өз алдынча баланста турат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Типтүү уставга ылайык так жүзөгө ашырат.
20. Билим берүү уюмунун карамагында илимий-изилдөө институттары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, факультеттер, институттар, кафедралар, лабораториялар, борборлор, башкармалыктар, бөлүмдөр, окуу-өндүрүштүк, окуу-тажрыйба чарбалары, колледждер, мектептер ж.б. турат.
21. Билим берүү уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрү белгиленген тартипте жалпы орто билим берүү программаларын жана башталгыч, кесиптик орто, жогорку билим берүү, ошондой эле кошумча жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашыра алат.
22. Билим берүү уюму ал түзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдөгү окуу жана илимий процесстердин натыйжалуулугу жана сапаты үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболордо аныкталган тартипте башка милдеттенмелер боюнча жооп берет.
4-глава. Билим берүү уюмун башкаруу
23. Билим берүү уюмун башкаруу демократиялаштыруу, борбордон ажыратуу, автономия жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат.
24. Билим берүү уюмун биргеликте башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, көзөмөлчүлүк, окумуштуулар, илимий-техникалык жана башка кеңештер же комитеттер саналат. Өз алдынча башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
25. Билим берүү уюмунун жогорку органы болуп уюштуруучу (уюштуруучулар) эсептелет. Уюштуруучунун(лардын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү уюмунун уставын бекитүү;
2) билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
3) ушул Типтүү уставда белгиленген башка ыйгарым укуктар.
26. Билим берүү уюмунун жалпы чогулушу билим берүү уюмунун коллегиалдуу башкаруу органы болуп саналат. Билим берүү уюмунун жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жамааттык келишимдин долбоорун талкуулоо, түзүү жана өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу, анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
2) ушул Типтүү уставда каралган башка ыйгарым укуктар.
27. Билим берүү уюмун түздөн-түз ректор, начальник жетектейт. Ректорду кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
28. Ректор:
- билим берүү уюмунун ишинин жыйынтыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык органдарда, уюмдарда жана ишканаларда ишеним катсыз билим берүү уюмунун атынан чыгат;
- Окумуштуулар кеңеши жактырган түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболорду бекитет;
- билим берүү уюмунун ички тартибинин эрежелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү уюмунун уставына каршы келбеген локалдык ченемдик актыларын кабыл алат жана жокко чыгарат;
- билим берүү уюмунун мүлкүн тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат жана жабат;
- билим берүү, илимий, өндүрүштүк, финансылык-чарбалык иштерди жетектейт;
- бардык кызматкерлер, студенттер, аспиранттар жана докторанттар үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- ишеним кат боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн багыттар боюнча проректорлорго, институттардын директорлоруна, филиалдардын, башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине өткөрүп берет;
- проректорлорду (окуу иши боюнча проректордон тышкары), түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, буйрук менен алардын конкреттүү милдеттерин аныктайт;
- профессордук-педагогикалык персонал менен мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзөт жана бузат, башка категориядагы кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот;
- кызматкерлерди сыйлоо жана тартиптик жаза берүү маселелерин чечет;
- билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт.
29. Билим берүү уюмунун окуу иши боюнча проректору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобого ылайык кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
30. Проректорлор мөөнөттүү эмгек келишими менен ишке кабыл алынат. Проректордун билим берүү уюму менен түзгөн мөөнөттүү эмгек келишиминин мөөнөтү ректордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дал келет.
31. Окумуштуулар кеңеши билим берүү уюмунун коомдук-кесиптик башкаруу органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин кадрларды тандоо, жайгаштыруу, бошотуу маселелери, финансылык-чарбалык иш боюнча чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
32. Окумуштуулар кеңешинин курамы 15 адамдан кем эмес санда түзүлөт. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп ректор саналат.
33. Окумуштуулар кеңешин түзүү, иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобо менен аныкталат.
34. Билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңеши - юридикалык жак статусу жок, мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкаркы) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмунун шайлануучу өз алдынча башкаруу органы.
35. Билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү, иштөө тартиби жана милдеттери "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 468 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" токтому менен бекитилген Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө типтүү жобого ылайык аныкталат.
5-глава. Билим алуучуларды кабыл алуу, которуу, бүтүрүү жана окууга калыбына келтирүү тартиби
36. Билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
37. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган же кесиптик жогорку билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо көрсөтүлгөн учурларда мамлекеттик билим берүү грантынын (бюджеттик орундун) өлчөмүндө билим берүү уюмунун адисти даярдоого кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
38. Билим алуучуларды которуу, окуудан чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
39. Билим алуучуларды учурдагы контролдоо, орто аралык аттестациялоо жана академиялык карыздарды жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
6-глава. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери
40. Белгиленген тартипте билим берүү уюмуна кабыл алынган, бардык билим берүү программалары боюнча билим алып жаткан адамдар билим алуучу статусуна ээ болот. Билим алуучуга кагаз же электрондук түрдөгү белгиленген үлгүдөгү документ жана зачеттук китепче берилет.
41. Билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сапаттуу билим алууга;
2) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө;
3) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөөдөн коргоого;
4) медициналык кароого жана алгачкы медициналык жардамды уюштурууга;
5) эксплуатациялоонун жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин кандай болбосун түрүнөн, ошондой эле дене бойлук жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркын басмырлоодон коргоого;
6) адамдык кадыр-баркын урматтоого, өз көз караштарын жана ишенимдерин эркин билдирүүгө;
7) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим алууга;
8) кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде алууга;
9) билим берүү уюмунда маалыматтык ресурстарды акысыз пайдаланууга;
10) Кыргыз Республикасынын аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жаатындагы мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтырууга (күндүзгү окуу формасында).
42. Билим алуучулар окутуунун кандай болбосун этабында билим берүү уюмун жана окутуу формасын тандоого, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алууга, ошондой эле жекече билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алууга укуктуу.
43. Билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн аралыктан билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында билим алуучулар билим алуучулардын бардык укуктарына жана милдеттерине, ал эми аларды аяктаганда - бул билим берүү уюмдарынын билими жөнүндө документтерин алуу укугуна ээ.
44. Билим алуучулар билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүгө, ички тартип эрежелерин сактоого, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
45. Билим берүү программалары боюнча билим алган, программаны мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде толук көлөмдө өздөштүргөн билим алуучулар жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилет.
46. Негизги программа боюнча окууну аяктаган, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактаган жана тиешелүү мамлекеттик экзамендерди тапшырган билим алуучуларга мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен даярдоонун тиешелүү багыттары (адистиктери) боюнча квалификация ыйгарылат жана аяктагандыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү же өзүнүн үлгүсүндөгү документ берилет. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
7-глава. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери
47. Билим берүү уюмунда административдик-башкаруу, илимий-педагогикалык (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер), инженердик-техникалык, административдик-чарбалык, өндүрүштүк, окуу-көмөкчү жана башка персоналдын кызмат орундары каралат. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат орундарын эмгек келишими (контракт) боюнча ээлешет.
48. Илимий-педагогикалык курамдын (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер) кызмат орундарын ээлөө контракт жана конкурстук негизде жүргүзүлөт. Эмгек келишимин түзүүнүн (5 жылдык мөөнөткө) алдында конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Конкурстарды өткөрүү жана келишимдерди түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
49. Кафедра башчыларын дайындоо жана бошотуу, кафедранын ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун факультети жана кафедрасы жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
50. Административдик-башкаруу жана чарбалык (декандардан тышкары), инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөө жана башка персоналдын кызмат ордуна кызматкерлер мөөнөттүү эмгек келишими боюнча кабыл алынат. Аларды иштен бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык же келишимде (контрактта) каралган шарттарда жүргүзүлөт.
51. Факультеттин деканынын кызмат орду шайлануучу болуп саналат. Факультетти түзүү, деканын дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун факультети жана кафедрасы жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
52. Илимий-педагогикалык курамдын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобо менен аныкталат.
53. Билим берүү уюмунун административдик-башкаруу жана чарбалык, инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөө жана башка кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, билим берүү уюмунун ички тартип эрежелери, кызматтык нускамалары, уставы менен аныкталат.
54. Билим берүү уюмунда илимий-педагогикалык жана илимий адистерди даярдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
- докторантура (аспирантура);
- илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүүгө диссертацияларды даярдоо үчүн илимий кызматкерлерди кызмат ордуна которуу;
- илимдин кандидаты жана доктору окумуштуулук даражаларын изденүүгө диссертацияларды даярдоо жана жактоо үчүн изденүүчүлөрдү бекитүү;
- диссертациялык ишин бүтүрүү үчүн чыгармачылык өргүү берүү. Илимий-педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу белгиленген тартипте билим берүү уюмунун атайын бөлүмдөрүндө, ошондой эле кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат.
Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
55. Билим берүү уюмунун окутуучулары жана илимий-изилдөө институттарынын жетектөөчү окумуштуулары негизги кызматы менен бирге бир учурда кызмат орундарын айкалыштыруу шарттарында кафедра башчысынын, декандын (анын орун басарынын) кошумча милдеттерин аткара алат.
56. Административдик-башкаруу курамы кызмат орундарын айкалыштыруу шарттарында педагогикалык иш менен да алектене алат. Бул иштерди аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана билим берүү жана илим жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын ченемдик актылары менен шартталат.
8-глава. Билим берүү процессин уюштуруу
57. Билим берүү кызматтарын көрсөтүү билим алуучунун жекече керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу билим берүүнүн ар кандай формаларында жүзөгө ашырылат. Билим берүү процессин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Академиялык кредиттерди колдонуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
58. Билим берүү программалары төмөнкүдөй формаларда өздөштүрүлөт: күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу, экстернат формасында, ошондой эле жекече окутуу формасында, анын ичинде үйдөн окутуу.
59. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 "Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеси.
60. Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында, экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптер жана адистиктер боюнча аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутуу Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 "Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
61. Билим берүү уюмунун тил саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
62. Билим берүүнүн бардык формалары жана деңгээлдери боюнча сабактардын негизги түрлөрү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткарууну камсыз кылган окуу пландары жана программалары менен аныкталат. Билим берүү уюмунда сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары билим алуучунун кызыкчылыктарын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган кошумча кызмат көрсөтүүлөр, сабактардын факультативдик жана башка түрлөрү киргизилиши мүмкүн.
9-глава. Билим берүү уюмунун илимий жана илимий-техникалык иши
63. Билим берүү уюму билим берүү иши менен катар илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзөт, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды жүзөгө ашырат.
64. Билим берүү уюму, ошондой эле алардын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлери республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларга жана долбоорлорго -конкурстарга катышууга укуктуу.
65. Билим берүү уюмунун илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иши билим берүү уюмунун төрагадан, окумуштуу катчыдан жана илимдин багыттары боюнча жетектөөчү окумуштуулар болуп саналган мүчөлөрдөн турган илимий-техникалык кеңеши тарабынан башкарылат. Илимий-техникалык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
66. Илимий-техникалык кеңеш илимий гранттарды бөлүп берүүгө, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатууга жана билим берүү уюмунун ичинде илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана алардын натыйжаларын өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө ыйгарым укуктуу.
67. Илимий гранттар илимий жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнөт жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилген жана билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашылган сметага ылайык билим берүү уюмунун атайын каражаттарынан каржыланат.
68. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий лабораторияларды, илимий-изилдөө институттарын, илимий-билим берүү борборлорун, тажрыйбалык өндүрүштөрдү, долбоорлоо-конструктордук уюмдарды, технопарктарды, технополистерди, ошондой эле илимий-билим берүү консорциумдарын, чарбалык коомдорду түзүүгө жана илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга укуктуу.
69. Билим берүү уюму илимий-инновациялык өнүгүү үчүн бизнес-түзүмдөрү жана ишканалар менен биргелешип иштөө үчүн жайларды жана жер тилкелерин пайдалана алат.
70. Билим берүү уюму атайын каражаттардын кеминде бир пайызын билим берүү уюмунун ичинде илимди өнүктүрүүгө бөлүүгө милдеттүү.
10-глава. Билим берүүнү өнүктүрүүнү каржылоо
71. Билим берүү уюмунун каржылоо булактары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
72. Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.
73. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жаатындагы мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.
74. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюму мүлктүн жана финансылык каражаттардын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Билим берүү уюмунун жетекчиси финансы-чарбалык тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
75. Билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңеши гана жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктарынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн түзүлүүчү финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тарта алат.
76. Билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн көзөмөлчүлүк кеңеши донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырууга укуктуу жана бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-сайттар аркылуу жана башка ыкмалар аркылуу келип түшкөн финансылык жана башка материалдык каражаттар, алардын чыгымдалышы жөнүндө андан ары милдеттүү отчет менен жарыялоого укуктуу.
77. Билим берүү уюмунун билим алуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн маалымат, Билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуу, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттор билим берүү уюмунун жалпыга жеткиликтүү жерине жайгаштырылууга тийиш.
78. Көзөмөлчүлүк кеңеш тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган финансылык каражаттар казыналыктын атайын эсебине эсепке киргизилет жана көзөмөлчүлүк кеңештин чечимине ылайык максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
79. Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана алардын чыгымдалышы жөнүндө отчетту бербегендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
11-глава. Билим берүү уюмунун инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы
80. Инфраструктура жана материалдык-техникалык базага билим берүү, илимий-изилдөө ишинде жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүүдө пайдаланылуучу имараттар, курулмалар, курулуштар, коммуникациялар, жабдуулар, транспорт каражаттары, ошондой эле башка материалдык жана техникалык активдер кирет.
81. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү ага бекитилип берилген атайын каражаттардын чегинде билим берүү уюмунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жабдууларды сатып алууга, капиталдык оңдоого чыгымдардын өлчөмү билим берүү уюмунун белгиленген тартипте бекитилген кирешелеринин жана чыгашаларынын сметаларынын чегинде, болгон керектөөлөргө жана финансылык каражаттарга жараша билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
82. Билим берүү уюмунун билим берүү, илимий-изилдөө, окуу-өндүрүштүк иште жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылуучу материалдык-техникалык базасы кайтарымсыз ээлик кылууга, пайдаланууга берилбейт жана ээликтен ажыратылбайт.
83. Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган кирешелер билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
12-глава. Эл аралык кызматташтык
84. Билим берүү уюму чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жана мекемелер менен түз байланыштарды түзүүгө, билим берүүнүн жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөргө билим берүү уюмунун катышуусуна көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана илимий-изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык коомдук билим берүү бирикмелерине кирүүгө укуктуу.
13-глава. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
85. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
86. Билим берүү уюмун кайра уюштурууда, анын түзүмүн өзгөртүүдө, ошондой эле статусун өзгөртүүдө билим берүү уюмунун уставына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү билим берүү уюмунун жалпы чогулушунда каралат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан кабыл алынат.